Бир катар журналисттер ИИМде сурак беришти. Маалымат толукталды
RU

Бир катар журналисттер ИИМде сурак беришти. Маалымат толукталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 16-январда бир катар журналисттердин үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардын айрымдары ИИМге жеткирилди. Иликтөөчү журналист Болот Темиров кабарлагандай, Temirov Live`дын кызматкерлерине 278-берене ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") менен иш козголгон.

Саат 10:45ке карата тинтүү жүргүзүлгөн жана суракка жеткирилгендер:

  • Махабат Тажибек кызы (Temirov Live`дын директору)
  • Сапар Акунбеков ("Айт Айт Десе")
  • Азамат Ишенбеков (акын, "Айт Айт Десе")
  • Сайпидин Султаналиев ("Арча Медиа")
  • Актилек Капаров ("Алга Медиа")
  • Тыныстан Асыпбеков ("ПолитКлиника")
  • Максат Тажибек уулу (Temirov Live)
  • Жоодар Бузумов (Temirov Live`дын мурдагы кызматкери)
  • Айке Бейшекеева
  • Жумабек Турдалиев

Болот Темиров белгилегендей, Temirov Live`дын кеңсесинде күч кызматкерлери тинтүү жүргүзүүдө. Бирок жактоочуну киргизбей койгону маалым болду.

Саат 12:10го карата Temirov Live`дын кеңсесиндеги бардык техникалык жабдыктарды күч кызматкерлери эки унаага жүктөп кетти. Болот Темиров Facebook`ка жазгандай, аталган медианын директору Махабат Тажибек кызын ИИМдин Тергөө кызматына алып кетишти.

Жактоочу Баатырбек Ботобеков Temirov Live командасындагы 4 журналист сурак бергенин, бирок аларды мыйзамсыз кармап отурганын айтты.

Белгилесек, 15-январда 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, компьютерлер, ноутбуктар жана башка буюмдар алынган. Ошондой эле редакциянын директору, башкы редактору жана шеф-редактору УКМКга суракка берип чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15323