Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү сотто заара ушатып, дарыланууга жөнөтүүнү талап кылды
RU

Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү сотто заара ушатып, дарыланууга жөнөтүүнү талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Асел Ногойбаеванын кулак, мурдун кескенге айыпталган Азамат Эстебесов сот залында шымына заара ушатып салган. Бул туурасында Ногойбаеванын сиңдиси Диана Елькин айтып чыкты.

11 берене боюнча айыпталып жаткан Эстебесовдун ишин кароо 25-январда Сокулук райондук сотунда уланды. Сот жүрүп жатканда айыпталуучу күнөөсүн моюнга албай, заара ушатып, өзүн психикалык жактан жабыркайт деп ынандыруу аракетин көргөн.

Аселдин апасы Тинатин Ногойбаеванын айтымында, айыпталуучу психикалык жактан жабыркаган эмес деген экспертизанын корутундусуна карабай, соттон мажбурлап дарылоого жөнөтүүнү талап кылган.

Юрист Индира Саутова белгилегендей, Азамат Эстебесовго бир эмес, 4 жолу экспертиза дайындалып, психикалык жактан жабыркабайт деген корутунду чыккан.

Буга чейин Сокулук райондук соту Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесовду аталык укуктан ажыратуу чечимин чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15401