Асел Ногойбаеванын мурдагы жолдошу аталык укугунан ажыратылды
RU

Асел Ногойбаеванын мурдагы жолдошу аталык укугунан ажыратылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кулак, мурду кескиленген Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов аталык укуктан ажыратылды. Жактоочу Индира Саутова билдиргендей, бул маселе 16-январда Сокулук райондук сотунда каралды.

Айыпталуучу соттук отурумга онлайн катышып, процесс узак болгонун белгиледи жактоочу.

"Соттолуучу аталык укугунан ажыратууга каршы болуп, Аселди камкорсуз эне деп айыптады. Отурумга жабырлануучу да катышты, ал үчүн психологиялык жактан аябай оор болду. Жыйынтыгында сот Асел Ногойбаеванын доосун канааттандырып, Азамат Эстебесовду аталык укугунан ажыратты", - деди жактоочу.

Белгилей кетсек, Асел Ногойбаева менен А.Эстебесовдун эки уулу бар.

Негизги иш боюнча соттук отурум 23-январда улантылат. Буга чейин айыпталуучу онлайн катышса, бул ирет сот залына алынып келет дейт Асел Ногойбаева.

"Онлайн катышууда байланыш начар болгондуктан кийинки отурумдарга айыпталуучуну алып келүү чечими кабыл алынды", - деп билдирди редакцияга.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15334