Самаркандектеги оорукананын чек ара жаңжалына чейинки жана андан кийинки абалы
RU

Самаркандектеги оорукананын чек ара жаңжалына чейинки жана андан кийинки абалы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен районунун Самаркандек айылында 2023-жылдын 11-декабрында жаңы оорукананын ачылышы болду. Жалпы дарыгерлик практика борборунун мурдагы имаратынын чатыры эчак эле түшүп, дубалы, пайдубалы урай баштаган. Жарандарды авариялык абалдагы мекемеде дарылоо мүмкүн эмес эле.

"Жаңы оорукана иштеп жатат, жаңы эмеректер жана башка жабдыктар бар, баары сонун", - дейт жергиликтүү тургун Марат.

Самаркандек (Самаркандык) - Баткен облусунун Баткен районундагы айыл, Тажикстан менен чектеш, Исфара дарыясынын сол жээгинде, тажикстандык Чорку жана Сурх айылдарынын бет маңдайында жайгашкан.

Оорукананын курулушуна президенттик фонддон 97,5 миллион сом бөлүнгөн. Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имараты эки кабаттуу. Биринчи кабаты эмкана, экинчи кабаты стационар болуп түзүлгөн.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президенттик фонддон бөлүнгөн акчага оорукананы куруп эле тим болбостон, заманбап жабдыктар менен камсыздап, ошондой эле штатты кеңейтип, кошумча адистерди тартууга жетишкенин редакцияга билдирди.

"Эски ооруканада жылуулук да, канализация да жок болчу, жаңы ооруканада мунун баары бар. Тургундар кубанып, оорукананын кызматкерлери ыраазы болушууда. Эң негизгиси ушул", - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Тургундар чынында эле ыраазы болушууда. Айрыкча жаңы рентген кабинетине бар экенине кубанычта.

"Көптөгөн диагноздор рентгендин жардамы менен коюлат, буга чейин Баткенге барчу элек", - дейт жергиликтүү тургун Марат.

Аймактагы жашоочулар дагы бир көйгөйдү - дарыгерлердин жетишсиздигин айтышат. Айыл аймактарда медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги чечилбеген көйгөй. Ал эми Баткен облусунда чек арадагы чыр-чатакты эске алганда, медициналык адистердин жетишсиздиги өзгөчө көңүл бура турган маселе болуп келет. Саламаттыкты сактоо министри да аймактарда кадр маселеси бар экенин моюнга алып, ведомство жаш адистерди ишке тартуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын айтууда.

"3 жаш дарыгер иштей баштады (Самаркандек айылындагы ооруканада). Аларды облуста иштөөгө шыктандыруу максатында "Жаш дарыгердин депозити" программасы иштеп жатат. Бул программанын негизинде жаш адистерге кошумча акы төлөнүп жатат", - деп белгиледи министр.

"Учурда бизде жети дарыгер иштейт. Быйыл дагы бир педиатр ординатурадан өтүү үчүн бизге келди", - дейт Жалпы даргерлик практика борборунун башчысы Майдазан Атаханова. "Биздин стационарда - терапия, педиатрия жана төрөт бөлүмдөрү бар".

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбаев заманбап жабдыктар, технологиялар менен курулган жаңы оорукананын ачылышы да дарыгерлердин агымына салым кошот деген ишенимде.

"Келечекте бул ооруканада татаал операциялар жасалат, азыр ал үчүн бардык шарттар түзүлүп жатат", - деп белгиледи Бөрүбаев. Ошондой эле оорукананын кызматкерлери ар кандай шарттарда жана ар түрдүү бейтаптар менен иштөө тажрыйбасына ээ экенин баса белгиледи.

"2022-жылы Самаркандектеги дарыгерлер жарандарды куткаруу ишине чоң салым кошушкан. Алар жабыркагандар медициналык мекемеге кайрылышарын түшүнүп, күнү-түнү ооруканада калышкан. Качан гана чоң коркунуч жаралганда нөөмөттөгү дарыгерлерди Ак-Татыр айылындагы ооруканага которгонбуз", - дейт Арзыбек Бөрүбаев.

Тажрыйбалуу адистердин бири - Самаркандек айылындагы жалпы дарыгерлик практика борборунун улук медайымы Назакат Халматова.

"2022-жылы чыр-чатак болгон. Биз орто медициналык персоналдан турган жардам берүүчү 4 топту түзгөнбүз. Анткени чыр-чатак кайталанбайт дегенге кепилдик жок болчу. Ар бир топ дары-дармектерди камдап коюшкан. Кошуна айылга баруу тапшырмасы түшкөндө мен Тез жардам унаасында фельдшер менен калгам. Анткени адис жаш болгондуктан, ага жардам керек болуп калабы деп ойлогом", - дейт Халматова.

Ооруканада эки дарыгер, фельдшер жана улук медайым калып, жабыркагандарга жардам көрсөтүп жатышкан. Бирок көп өтпөй аскер кызматкерлери коопсуздук үчүн ооруканадан чыгып кетүүсүн суранышкан. Бардык керектүү дары-дармектерди чогултуп, дарыгерлер Жаңы-Бак айылын көздөй жөнөшүп, чоң талдын жанында жабыркагандарды кабыл алуу, жеткирүү пунктун уюштурушкан.

"Ак-Татырга барсак болмок, бирок убакытты текке кетирбейли дедик. Аскер кызматкерлери жарадарларды унаа менен алып келишет, биз биринчи медициналык жардамды көрсөтүп, андан ары Ак-Татырга алып жөнөчүбүз. Кичине болсо да жардам болду. Ошондогу кагылышта атылган октун үндөрү азыр да кулагымда жаңырып турат. Кудайдан мен дагы, башкалар дагы ал үндү укпасын деп тилек кылам", - дейт Назакат Халматова.

Дарыгерлер алар тарапка ок атылганда эң чоң коркунучту сезишкен. Бактыга жараша, алардын баары аман калышкан.

Самаркандектин дарыгерлери жана тургундары чек арадагы бардык маселелер чечилет деген үмүттө. Алар жаңы оорукананын ачылышын бакубат жашоого болгон чоң кадамдан үмүт берет дешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15486