"Сүйүнгөнүмдөн ыйлап алдым". Ак-Ордодо үйү түрттүрүлгөн Марал айым кызыл китеп алды
RU

"Сүйүнгөнүмдөн ыйлап алдым". Ак-Ордодо үйү түрттүрүлгөн Марал айым кызыл китеп алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда үйү түрттүрүлгөн Эркинбек Жолдошов менен Марал Шаболотова кызыл китеп алышты. Бул тууралуу Марал Шаболтова редакцияга ырастап, кубанычы менен бөлүштү.

"Көптөн күткөн кызыл китепти алдык. Тиешелүү мекемелердин чечими менен Кадастрдан мамлекеттик актыны алдым. Айыл өкмөт, Мамлекеттик каттоо жана Архитектура мекемелери өз иштерин так аткарганына ыраазымын.

Кызыл китеп даяр болгонун укканда сүйүнгөнүмдөн ыйлап да алдым. Балдарымдын кубанганын сөз менен жеткире албайм.

Үйдүн документи колума тийгенге чейин уйгу-туйгу болуп, куран окуган сайын Кудайдан суранып, тилек айтчумун. Кыйын күндөрдө колдоп, жөлөк болгон кыргыз элиме, президентке таазим кылам", - деди ал.

*****

Белгилесек, былтыр Ак-Ордо конушунда жер трансформациясына байланыштуу үй түрттүрүлүп, анын кесепетинен 1-мартта 4 балалуу келин көчөдө калган. 5-мартта президент Ак-Ордого өзү барып, жабыркаган аялга кырдаалды иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну убада кылган.

Кийинчерээк президенттин колдоосу менен турак жайсыз калган үй-бүлөгө бардык шарттары менен жаңы там салынган. Президент үйдү "Ас-Сафа" фонду салып бергенин айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15493