Ак-Ордодогу Марал айымдын бүлөсүнө жаңы там салынып бүттү. Видео
RU

Ак-Ордодогу Марал айымдын бүлөсүнө жаңы там салынып бүттү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-3 конушунда үйү түрттүрүлгөн Эркинбек Жолдошов менен Марал Шаболотовага жаңы там салынып бүттү. Мындай маалымат менен президенттин жардамчысы Эрнис Ашырбаев бөлүшүп, социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.

"Үй бардык шарттары менен "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун жардамы аркылуу курулду. Эми Марал Шараболотова ал жерде бейкапар жашай алат", - деп айтылат анда.

Белгилесек, Ак-Ордо конушунда жер трансформациясына байланыштуу үй түрттүрүлүп, анын кесепетинен 1-мартта 4 балалуу келин көчөдө калган. 5-мартта президент Ак-Ордого өзү барып, жабыркаган аялга кырдаалды иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну убада кылган.

Кийинчерээк президенттин жардамчысы Эрнис Аширбаев Facebook баракчасына жаңы үй Садыр Жапаровдун колдоосу менен салынып жатканын билдирген, бирок кийинчерээк билдирүү өчүрүлгөн. Марал Шаболотова да видеокайрылуусунда мамлекет башчыга ыраазычылыгын айткан.

Ал эми президент "Кабар" агенттигине үйдүн курулушуна тиешеси жок экенин айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11927