Ак-Ордодогу түрттүрүлгөн үй. Президент жаңы үйдүн курулушуна тиешеси жок экенин билдирди
RU

Ак-Ордодогу түрттүрүлгөн үй. Президент жаңы үйдүн курулушуна тиешеси жок экенин билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-3 конушунда Эркинбек Жолдошов менен Марал Шаболотованын үйү түрттүрүлүп, ордуна жаңы там салынууда. Үй президенттин тапшырмасы менен салынып жатканы кабарланган. Садыр Жапаров курулушка тиешеси жок экенин "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Айтымында, социалдык тармактарда жогорудагы үй-бүлөгө президент үй куруп жатат деген туура эмес маалымат тарап жатат.

"Жок. Калп. Мен барып көрүп кеткенден кийин "Соттогу маселелери чечилгенче көп кабаттуу үйлөрдөн убактылуу батир таап, бала-чакасы менен киргизип тургула" деп кызматкерлерге буйрук берип кеткем. Эртеси күнү "Ас-Сафа" фондунун өкүлдөрү "Соопчулук үчүн ошол эле жерге биз үй салып берели, уруксат бериңиз" деп кайрылышкан экен. "Кудай жалгасын" дедим. Кудайдын улуу рамазан күндөрүндө сооп табалы деп "Ас-Сафа" фонду салып берип жатат. Бирөөнүн эмгегин, сооп иштерин менчиктеп алганыбыз туура эмес. Мен салып берип жаткан жокмун. Жөн гана себепкер болдум", - деген Садыр Жапаров.

Белгилесек, Ак-Ордо конушунда жер трансформациясына байланыштуу үй түрттүрүлүп, анын кесепетинен 1-мартта 4 балалуу келин көчөдө калган. 5-мартта президент Ак-Ордого өзү барып, жабыркаган аялга кырдаалды иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну убада кылган.

Кийинчерээк президенттин жардамчысы Эрнис Аширбаев Facebook баракчасына жаңы үй Садыр Жапаровдун колдоосу менен салынып жатканын билдирген, бирок кийинчерээк билдирүү өчүрүлгөн. Марал Шаболотова да видеокайрылуусунда мамлекет башчыга ыраазычылыгын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11542