Төрөттөн каза болгон келиндин күйөөсү: Уулубузга кызымдын сунушу менен ысым ыйгардык. Маек
RU

Төрөттөн каза болгон келиндин күйөөсү: Уулубузга кызымдын сунушу менен ысым ыйгардык. Маек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жайыл аймактык ооруканасында 36 жаштагы Гүлмира Мамбетова 9-баласын жарыкка алып келип каза тапкан. Ал эми ымыркай аман-эсен төрөлүп, бир апта бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болду.

Өмүрлүк жарынан ажыраган Тынчтыкбек Өмүрзаков 20-февралда төрөт үйүнөн ымыркайын чыгарып кетти.

"Кичинекей кызымдын тандоосу менен уулубузга Байнур деген ысым ыйгардык. Баланы улуу кызым (18 жашта) карайт, балдызым жардам берет. Апасы аман болгондо күлүп-жайнап, мындан да жакшы болмок. Жакшы пландарыбыз бар болчу", - дейт Өмүрзаков.

Ымыркайдын абалы тууралуу төрөт үйүнөн маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Медайымдар комментарий берүүдөн баш тартышып, балдар дарыгери учурда ооруканада дарыланып жатканын билдиришти.

"Бала төрөлгөндө башында шишик бар деп 5 күн капельница алды. Дарыларын өзүбүз алып бердик. Азыр медайымдар баланын акыбалы жакшы дешти. Бирок балдар дарыгери жок экен. Ооруканада эмес, үйүндө эле жатышса керек", - дешет келиндин жакындары.

Каза тапкан Гүлмира Мамбетованын жолдошу, апасы, сиңдиси окуя тууралуу, өздөрү күбө болгон жагдайлар жөнүндө айтып, дарыгерлердин жоопкерчиликке тартылышын талап кылабыз дешет.

"Дарыгерлер 100 пайыз күнөөлүү. Мен 1 жарым сутка ушул жерде күттүм. Бирок бирөө да чыгып маалымат берген жок, бир гана санитаркадан "жакшы эле" деген сөздү уктук. Биз тынчсызданып, кирип чыгалы дегенибизде "дарыгерлер эч кимди киргизбейт" деди санитарка.

Бир дагы дарыгер алдыбыздан өтүп, кечирим сурап койгон жок. Айрымдарын кызматтан алышты. Бирок алар башка ооруканага барып иштей бериши мүмкүн. Колу менен кылганын моюну менен тартуусун талап кылам. Ошондуктан акыйкаттык издеп укук коргоо органдарына кайрылдым. Экспертизанын корутундусу чыкса тергөө күчөтүлөт деген ойдомун", - деди маркумдун жолдошу.

Тынчтыкбек Өмүрзаков келинчегинин ден соолугунда эч кандай маселе болгон эмес дейт.

"Абалы жакшы аялымды жоготуп, баламды алып кетип жаткан мага аябай оор болууда. Ден соолугу чың болчу. Оорусу бар болсо да ушундай дарты бар эле, бир жеринде мандем бар эле, бизден да күнөө кетти деп тартынмакпыз. Саламаттыгы жакшы болгон үчүн 8 баланы төрөп, кызыбызга шерик болсун, дагы бир кыз төрөйүн деп ниет кылган. Кудайым буюруп, уулдуу болдук", - деди ал.

Гүлмира Мамбетовага убагында кесарево жасалган эмес дешет жакындары. Алар бир канча жолу кесарево кылгыла деп суранышканын, келин кыйналып жатканда Бишкекке алып кеткенге даяр болушканын да айтышат.

"Кесарево болду дегенге ишенбейм. 10-февралда саат 10дордо "ичим ооруп жатат, көрүнүп келейин" деп төрөт үйгө келген. Акушер-гинекологдор "толгооң келип калыптыр, 2 сааттан кийин төрөйсүң" дешиптир. Менин жумушум Бишкекте болгондуктан саат 12:00 чамасында төрөт үйгө келип, ушул жерде күтүп отурдум. Төрөтү созулуп баштагандыктан медайым аркылуу кесарево кылгыла деп айттырып жаттык. Бирок улам эле 2 сааттан кийин төрөйт дей беришти. Ошентип 11-февралга караган түнү саат 3 жарымда кесарево болот, ушул дарыларды алып келип бер деп кагаз беришти. Алып келдим, бирок дарыгерлердин бири да чыккан жок, маалымат беришкен жок. Төрөт бөлүмдүн башчысы түштө чыгып "операция жакшы өттү, эне, бала жакшы, палатага чыкканда келиңиздер" деп бизди ынандырды. Мен кем-карчын алып берейин деп калдым. 4 жарым сааттан кийин "келинчегиңизди, балаңызды көрдүңүзбү" дешти. Көрө электигимди айтсам киргизип, биринчи баламды көрсөтүштү. Андан чыгып келинчегиме баратсам "жубайыңыздын кан басымы төмөн болуп жатат, дарыгерлер колунан келген аракетин көрүп жатышат, сиз өңүзүдү кармап, эмоцияга алдырбаңыз" деп капталымда бараткандардын бири айтты.

Босогону аттаганда эле келинчегимдин үзүлүп кеткенин көрдүм. Анткени мен киргенде дарыгер жубайымдын башын ары жакка бурду.

Мен артка чыгып кайненеме, балдыздарыма, агаларыма чалып чакырдым. Кайра киргенимде келинчегимдин башына кислород аппаратын эмнеге коюшат. Түштөн кийин аны көргөзмө катары коюп коюшуптур. Кесарево болсо баланын башы сүйрү болуп чыкпайт да. Бизге баланын башы коондой болуп төрөлдү дешти. Бул жерде келинчегим өзү эле төрөгөн. Анткени мен киргенде денеси көкмөк болуп эле жатыптыр", - деп нааразы болду Тынчтыкбек мырза.

Келиндин апасынын айтымында, кызына толгоону чакыруучу уколдун дозасын көбөйтүп беришкен. Андан кийин төрөт үйдүн башчысы эки операцияга киргенге жетишти дейт.

"Биз төрөп коёт деп күттүк. Эки операциядан кийин төрөт бөлүмдүн башчысы "кесарево кылабыз, бала чыкпай жатат, кызыңар ыйынбай жатат" деди. Ошол боюнча күтүп отурдук. Эртеси күнү бизге "кан токтобой жатат, мына Бишкектен дарыгерлер келишти" деп айтышты.

Кызым ай-күнүнө жетип келген. Ден соолугу жакшы болчу. Буга чейин Токтогулдагы ооруканада каттоодо турган, андагы дарыгерлерден сурасак кызымдын саламаттагы чың экенин ырасташты. Тогузунчу баланы кесарево менен төрө деп кеңеш беришкен экен.

Кызым Жайылга көчүп келгенден кийин аймактык ооруканага каттоого туруп, кесарево менен төрөй турганын айткан. Бирок бул жактагы дарыгерлер тогузунчусун деле өзүн төрөйсүң деп кыйнап коюшуптур. Кесаревону убагында кылып коюшса кызым аман калмак", - дейт келиндин апасы.

Гүлмира Мамбетованын сиңдиси Жамал Акматалиева төрөт үйдүн медайымы менен телефон аркылуу байланышып, кабар алып турганын айтат.

"Ана төрөйт, мына төрөйт деп убакыт өтүп жатты. Мен телефон чалып "кесарево кылбайсыңарбы" десем "жок, эжеңиз ыйынбай, эркелеп жатат" деп коюшту. Мен барайын, мени киргизгиле, балким жанында болсом кичине аракет кылаттыр деп эки жолу сурандым, бирок макул болушкан жок. Бир тууган иним "эжем кыйналып жатса Бишкекке алып кетели" десе "шаарга алып бара албайбыз, чыгара да албайбыз" дешти.

11-февралга караган түнү саат 2 жарымда эжем мага чалып "сүйлөшүп, мени алып кеткилечи, кыйналып жатам, колу, бутум иштебей" калды деп өчүрүп койду. Мен байланышып жаткан медайымдын номеринен эжемдин сүрөтүн андан кийин видеосун жөнөтүп, "ыйынбай жатат, эркелеп жатат" дешти.

Видеодон эжемдин кыйналып калганын көрүп эле чукул түрдө кесарево кылгыла дедим. Бирок өзү төрөйт деп болбой коюшту. Кайдыгер мамилеси ушул жерден билинет, колдорунда телефон, башка нерсе менен алек", - деп нааразы болду Акматалиева.

Окуя боюнча кылмыш иши ачылган

Тынчтыкбек Өмүрзаков жубайынын өлүмүнө дарыгерлерди айыптап Чүй ОИИББине арыз менен кайрылган. Анын арызы каттоого алынып, 146-берене ("Медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруу") менен кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери башталган.

Учурда соттук-укуктук экспертизанын корутундусу чыга элек, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Чуулуу окуядан кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги комиссия түзгөн

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен кызматтык иликтөө жүргүзүү жана өлүмдүн себептерин аныктоо боюнча комиссия түзүлгөн.

14-февралда министрликтин №42 буйругу менен Жайыл аймактык ооруканасынын директору ээлеген кызматынан бошотулган. Мындан тышкары директордун дарылоо боюнча орун басары жана башкы медайым ээлеген кызматтарынан бошотулду. Ошондой эле аталган аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15586