Сот экс-депутат Өмүрбек Бакировду добуштарды сатып алганга күнөөлүү деп тапты
RU

Сот экс-депутат Өмүрбек Бакировду добуштарды сатып алганга күнөөлүү деп тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бакиров добуштарды сатып алуу боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына Ош облустук сотунан билдиришти.

Ноокат райондук сотунун 26-декабрындагы өкүмү менен мурдагы депутат Өмүрбек Бакиров Кылмыш жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгү (акчалай каражаттарды беруу же болбосо таратуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу же кандайдыр бир кызматты же башка байгерчиликти алууга көмөктөшүү жолу менен шайлоочулардын добуштарын сатып алуу, ошого тете эл алдында аларга убада берүү) менен күнөөлүү деп табылып, 200 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылды.

Анын баш коргоо чарасы өкүм күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз - эч жакка кетпөө кол каты бойдон калтырылды. Айыпталуучунун жактоочусу апелляциялык даттануу менен Ош облустук сотуна кайрылган. Учурда арыз соттук териштирүү стадиясында экенин кошумчалашты соттон.

*****

Белгилесек, Өмүрбек Бакиров добуштарды сатып алганга айыпталып, 2023-жылы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы депутат Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыраткан.

Ал эми Жогорку Сот Өмүрбек Бакиров шайланган №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди күчүндө калтырган. 29-августта Бакиров Ош облустук ички иштер башкармалыгына суракка жеткирилип, эч жакка кетпөө тууралуу жазуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15615