Мандатынан ажыратылган Өмүрбек Бакировду суракка алып кетишти
RU

Мандатынан ажыратылган Өмүрбек Бакировду суракка алып кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттык мандатынан ажыратылган Өмүрбек Бакировду Ош ОИИБге суракка алып кетишти. Бул туурасында Бакиров өзү редакцияга тастыктады.

Айтымында, милиция кызматкерлери аны жолдон тосуп, облустук ички иштер бөлүмүнө алып баратышат.

"Ош облусуна келгем. Бүгүн, 29-августта туулган айылыма бара жатканда жолдон тосуп, милиция бөлүмүнө алып баратышат. Эмне маселе боюнча суракка чакыртылганым белгисиз, бөлүмгө барганда тактайбыз", - деди ал.

Азырынча облустук милициядан бул боюнча маалымат берише элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14177