БШК Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан ажыратты
RU

БШК Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан ажыратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы депутат Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыратты. Мындай чечим БШКнын жыйынында кабыл алынды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү №4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча сот чечимдеринин аткарылышын камсыз кылуу маселесин карашты.

Комиссиянын жыйынында токтомдун долбоору кабыл алынып, анда сунушталды:

  • Бакиров Өмүрбек Мирзараимовичти Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттоо жөнүндө БШКнын 2021-жылдын 27-декабрындагы чечимин жокко чыгаруу;
  • Өмүрбек Бакировго берилген күбөлүк жараксыз деп табылсын.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кошумчалагандай, Көк-Жар району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоону өттү деп таануу, Өмүрбек Бакировду бул округдан шайланган депутат деп таануу жөнүндө БШКнын чечимдери соттор тарабынан жокко чыгарылды.

Шайлдабекованын айтымында, Көк-Жар району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоону өткөн жок деп таануу жөнүндө чечим кабыл алуу боюнча тиешелүү органдарга кайрылуулар жөнөтүлгөн. Жооп алынгандан кийин шайлоонун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсү "макул" деп добуш берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14142