Сокулуктагы 13 жашар кыздын зордукталышы. Эки шектүү кармалды
RU

Сокулуктагы 13 жашар кыздын зордукталышы. Эки шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулукта 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу адвокат Айсулуу Ибраимова маалымат каражаттарына билдирди.

"Шектүү делген эки адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөчүнүн аракетсиздиги боюнча кыздын ата-энеси прокуратурага кайрылышкан. Азыр кыздын психологиялык абалы абдан начар. Ага "Сезим" кризистик борбору жардам берип жатат", - деген Ибраимова.

Жактоочу Чүй ОИИББдин жабырлануучу 15 жашта деген маалыматын четке какты. Ибраимованын айтымында, зордуктоо учурунда кыз 13 жашта болсо, азыр 14 жашта. Кыйноо былтыркы жылдын апрелинен быйылкы жылдын январына чейин болгон.

Ошондой эле адвокат дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы даяр болгонун, кыз 9 эмес, 10 баланын атын атаганын билдирди.

Чүй ОИИББден окуучу кызды зордуктоого шек саналган эки жигит 21-мартта кармалганын Kaktus.kg сайтына ырасташты.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15771