Сокулукта 9 бала зордуктап жүргөн кыздын окуясы боюнча милициянын маалыматы
RU

Сокулукта 9 бала зордуктап жүргөн кыздын окуясы боюнча милициянын маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы институту Сокулукта 13 жаштагы окуучу кызды дээрлик 1 жылдай 9 бала зордуктап келгенин маалымдады. Үрөй учурган окуя боюнча Чүй ОИИББден Kaktus.kg сайтына маалымат беришти.

Такталгандай, 2024-жылдын 23-январында Сокулук РИИБине 1983-жылы туулган С.Ч. аттуу жаран кайрылып, 2009-жылы туулган Б.А. аттуу кызын табууга жардам сураган. Ал кызы 22-январда саат 08:00дө мектепке кетип, дайынсыз жоголгонун билдирген.

Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

2024-жылдын 11-февралында Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон Б.А. Сокулук айылындагы мейманканалардын биринен табылып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Профилактикалык сүйлөшүү учурунда окуучу кыз буга чейин бир нече жолу үйүнөн чыгып кеткени белгилүү болгон.

Окуучу кызга карата соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган. Сокулук РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренесинин (Он алты жашка чыга элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция тарабынан Б.А. көрсөткөн жарандар аныкталып, тергөөгө жеткирилген. Алар менен бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, иликтөөнүн жыйынтыгы менен кылмышкерлердин аракеттерине юридикалык баа берилет.

Бул кылмыш иши боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн тажрыйбалуу тергөөчүлөрүнөн турган топ түзүлүп, тергөөнүн жүрүшү ИИМдин жана Чүй ОИИББдин жеке көзөмөлүндө турат.

"Окуя боюнча кылмыш иши Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан ачылган. Кыздын ата-энесинин милиция кызматкерлеринин аракетсиздиги тууралуу көрсөтмөлөрү чындыкка дал келбейт", - дешти башкармалыктан.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15763