Сокулукта 13 жаштагы кызды зордуктоо. Кылмыш иши сотко жөнөтүлдү
RU

Сокулукта 13 жаштагы кызды зордуктоо. Кылмыш иши сотко жөнөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулукта 13 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул туурасында Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдирди.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева зордукталган кызды күнөөлүү кылуу аракети болуп жатканына нааразы болгон.

Облустук милициядан билдиришкендей, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө 13 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ал жабырлануучу катары таанылып, бул кылмышка шектүү катары туулган 2005-жылы туулган М.Т. жана 2004-жылы туулган Т.Д. камакка алынган.

"Тергөөнүн жыйынтыгы менен М.Т. жана Т.Д.га карата "Зордуктоо" жана "Он алты жашка чыга элек балага сексуалдык мүнөздөгү аракеттер" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө аяктап кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

Калган адамдарга карата кылмыш ишинин материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, учурда Чүй ОИИББдин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү тарабынан зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - дешет башкармалыктан.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен М.Т. жана Т.Д.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренеси жана "Он алты жашка чыга элек балага сексуалдык мүнөздөгү аракеттер" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

Калган адамдарга карата кылмыш ишинин материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, учурда Чүй ОИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү тарабынан зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - дешет башкармалыктан.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы милиция кызматкерлеринин аракетсиздиги тууралуу маалыматты четке какты.

"Бул кылмыш Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ачылып, дароо тергөө иштери жүргүзүлүп, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин нормаларына ылайык тиешелүү чаралар көрүлдү", - деп кошумчалады.

Эске салсак, 20-мартта Акыйкатчы институту жашы жете элек кызды тогуз бала системалуу түрдө зордуктап келгенин билдирген. Окуучунун ата-энеси милициянын аракетсиздигине нааразы болгонун, ошондой эле зордуктаган балдардын жакындары тарабынан коркутуп-үркүтүүгө кабылганын айтышкан. Акыйкатчы Башкы прокуратурадан жана Ички иштер министрлигинин жетекчилигинен тез арада чара көрүүнү жана жабыркаган баланын укугун коргоону талап кылган.

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы кыздын ата-энесинин милициянын аракетсиздиги тууралуу билдирүүсүн четке каккан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15864