"Коррупция менен күрөшүүдө тайманбайт". Садыр Жапаров депутат Коргонбай уулуна жооп берди
RU

"Коррупция менен күрөшүүдө тайманбайт". Садыр Жапаров депутат Коргонбай уулуна жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күн мурун Жогорку Кеңеште саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Ага депутат Жусупбек Коргонбай уулунун министр жөнүндө айткан акыркы билдирүүлөрү себеп болду. Эл өкүлү чоң трибунадан министр президенттин ишенимине кирип, туура эмес иштерди жасап жаткандыгын айтып чыкты. Депутат - министр тирешине байланыштуу "Кабар" агенттигине президент Садыр Жапаров комментарий берди.

Анда президент Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев досу, "браты-сваты" эмес экенин айтты.

"Жөн гана жакшы иштеген, коррупция менен уурулуктарга каршы күрөшүүдө тайманбаган министр болгону үчүн кармап жүрөм.

30 жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигиндеги уюп калган коррупциялык системаны талкалап жок кыласың, карапайым эл үчүн жакшы шарттарды түзүп бересиң" деп шарт койгом. Колунан келишинче аткарып жатат. Ага каршылыктар абдан күч экенин баарыбыз жакшы билебиз. Мен бул эле министрди коргоп жаткан жокмун. Коррупцияга каршы күрөшкөн, уурулуктарды токтоткон бардык министрлерди коргойм.

Эгер өздөрү коррупцияга, уурулукка аралашса анда андай министрлерге аёо жок. Көрүп эле жүрбөйсүңөрбү. Эгер уюган коррупцияны, уюган уурулукту жок кылуу үчүн күрөшүп жаткан министрлердин баарын туш-туштан талап жей берсек, эртең эч бир министр иш кылбай коёт. Эптеп күн өткөрмөй башталат. "Тигил менен жаман көрүшпөй эле коеюн, муну менен жаман көрүшпөй эле коеюн" деген позицияга өтүп алып, эптеп убакыт өткөрүп жүрө бергендерди көрүп калбадыкпы. Убакыт күтпөйт. Тез-тез иштешибиз керек.

Бир эле жактуу болбой эки жакты тең карайбыз. Эгер депутат айткан фактылар аныкталса сөзсүз жазалайбыз", - деди ал.

Мамлекет башчы "Алтын балалык" боюнча министрдин ишин депутаттык топ текшерип көрсүн деди.

"Депутаттык комиссия түзүшкөн турбайбы. Өз көздөрү менен көрүп келишсин. Бирок мен бир нерсени айтып коюшум керек. Мен кызматка келгенде биринчи жолу барып көргөнүмдө имараттын сөлөкөтү (каркасы) эле турган. Бизнесмендерден "Толук бүтүргөнгө жардам бергиле" деп жардам сурагам. Ал убакта мамлекетте акча жок эле да. Алар эсептеп чыгып, аягына чейин бүтүрүш үчүн 15 млн доллар (1,5 миллиард сом) болот экен, биздин күчүбүз жетпейт деп келишкен. Анда өзүбүз эле эптеп бир нерсе кылып бүтүрөлү деп марафон уюштурганбыз. Элден 58 млн сом түшкөн. "Кумтөр" 200 млн сом берген. Бардыгы болуп 291 млн сом берилген. Эгер депутат айткандай ушул акчадан жеп койгону аныкталса жазалайбыз, төлөтөбүз.

Биз бир дагы министрди коррупциясы же уурулугу үчүн коргогон эмеспиз жана коргобойбуз. Буга чейин канчалаган министрлер кетишти. Канчасы камалып чыкты көрүп эле жатпайсыңарбы", - деди мамлекет башчы.

Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевдин үч жыл мурун Дубайда, Түркияда батирлери жок болгонун кошумчалады.

"Текшерип көрүшсүн. Качан алган? Кайсы акчага алган баарын текшерип көрүшсүн. Эгер акыркы үч жылда алган болсо, анда конфискация кылабыз, жазалайбыз. Себеби 2020-жылга чейин мен билгенден Алымкадыр Бейшеналиевдин Дубайда, Түркияда батирлери жок болчу", - деп сөзүн жыйынтыктады президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15870