"Мага демек Гаагага сотко берсин!". Депутат министр Алымкадыр Бейшеналиевди айыптады
RU

"Мага демек Гаагага сотко берсин!". Депутат министр Алымкадыр Бейшеналиевди айыптады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди коррупциялык схемалар боюнча кайрадан айыптады. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, саламаттыкты сактоо министринин депутатка койгон айыптары чындыкка дал келбейт.

"Кечее жакында көрдүңүздөр өткөнкү сессияда Алымкадыр Бейшеналиев боюнча айтылган маселелерди сотко берди. Эми могу бүгүнкү айтылган нерселерден кийин мага демек түгүл Гаагадагы трибуна берсин. бул киши жумушка келгенден бери президенттин ишенимине кирип, анын атын сатып, мамлекеттеги эң маанилүү саналган Саламаттык сактоо тармагынын жалпы системасын талкалап бүтмөй болду, туугандар! Бул Алымкадыр Бейшеналиев Уюшкан кылмыштуу топ менен тыгыз байланышта экендигин, бул мени уялбастан сотко берди. Ал айтты: Гиппократтын антын ичкем, ошол үчүн мага келген кылмыш дүйнөсүнөн болобу, башкасынан болобу мен операция кылганга мажбурмун дейт. Кыргызстанда мыйзам бар! Ар бир кылмыш могу жерде генералдар отурасыздар, жол кырсыгы, бычактан алган жаракат же октон алган жаракат болобу бары күч түзүмдөрүнүн кызматтарында катталышы керек. Тезинен Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан маалымдалышы зарыл! А бул үйүнө бекитип, көрүнгөн жерде операцияларды жасап, ал Гиппократтын антына эмес, АКШнын долларына жасап жүргөн ал операцияларды.

Бизде маркум болгон Ысык-Аталык Дөө Чыңгыз деген уюшкан кылмыштуу топтун лидери болгон. Ушул Дөө Чыңгыздын балдарынын бири азыркы кезде министрдин оң колу, кеңешчиси болуп отурган Ринат Мавлянбай уулу деген жигит бар. Бул жигит өмүрүндө мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Болгону зубной техник. Бирок, Алымкадыр Бейшеналиевдин төрт орун басарына карабастан, жалаң кадр маселелерин жана башка "кара" иштерин ушул жигит аркылуу бүтүрөт. Бул Ринат деген министрдин кеңешчиси активдүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Момунов Маманазар Орунбекович деген, мурда көп жолу оор кылмыштар кылмыш менен жоопко тартылган, уюшкан кылмыштуу топтун түрмөлөрдө маселелери болсо ушул бала аркылуу Ринатка чыгышат, Ринат министр менен албетте керектүү маалымдама, керектүү кагаздардын барын даярдап беришет.

Бул Алымкадыр Бейшеналиев, кандай десе болот? Урматтуу президент! Сизге мындай кадрларды ким сунуштайт мен билбейм. Бирок, бул министрликте туруктуу коррупциялык системаны түзүп койгон. Түштүктө анын Абдрахманов Шаятбек Түлөнбаевич деген "капчыгы" бар. Беш миң доллардан 45 миң долларга чейин кызматтын "ставкалары". Облустук оорукананын башкы дарыгери үч бөлмөлүү батирин 45 миң долларга сатып берген экен, бөлүм башчыларынын барын чогултуп алып айтыптыр: Мен 45 миң доллар министрге бердим. Болду. Эми, урматтуу бөлүм башчылар бир кварталда ушул акчаны чогултуп беришиңер керек. Чогулта албаганың арызыңды алып кет деп. Албетте, бөлүм башчылар жөнөкөй калкка барып жүк кылат.

Мыйзамсыз баюулар боюнча Алымкадыр Бейшеналиев жалаң могу жерде чогулган мүлктөрдүн 90 пайыздан ашыгы бул кишинин министр болуп иштеп тургандагы убактысы аралыгында. Акаевдин заманынан бери оңдолбой келген "Алтын балалык" деген бар эле көлдө. Ошону оңдоп-түзөп берди. Ошого президент 300 миллион сом акча бөлүп берди. Ошол 300 млн сомду да "уруп" кетиптир бул. Ал эле эмес, легендарлуу, ушул Ак үйдө тосом бар эле. Башынан үч төңкөрүш өткөргөн тосмо! Ушул тосмону президенттин иш башкармалыгы "Алтын балалыкка" берген. Аны да эптеп-септеп тосуптур дагы, калганын кыркып-кыркып металлга Акматова Салтанат экөө сатышыптыр. Бул эмне деген нерсе? Өмүрүндө ачка кишилерди алып келип алганбызбы?!

Бул жерде сот менен медициналык мафия дебедимби. Бул жөндөн-жөн айтылбай эле. Көп кадрдык "чехарда" деп айткам. Мыйзамсыз жумуштан алынган дарыгерлер байкуштар сотко берет, бирок, эмнегедир соттон биринчи инстанциясында утуп, экинчисинде утулуп калат. Бул киши түздөн-түз Жогорку Соттун төрагасы азыркы Базарбаев менен дос экен. Урматтуу Базарбаев, угуп жатсаңыз мени сиз боюнча дагы, соттор боюнча дагы менде маселелер көп. Эгерде соттоп жибербесеңер", -деди ал.

Ал ошондой эле Бейшеналиев вакцина үчүн акчаны мыйзамсыз алган деп эсептейт.

"Урматтуу президент жана Камчыбек Кыдыршаевич. Бейшеналиев вакцина сатып алууда коррупциялык схемаларды уюштурган. Алган акчанын баары офшорго кеткен. Кыймылсыз мүлктүн бардык даректери бар. Мисалы, үч бөлмөлүү батир. 15 батирди аялына бир гана фирмадан сатып алган. , экинчи аялы үчүн, өзү үчүн. Баймын дейт. Студенттердин акчасына кантип байыганын баары билет. Мунун баары балдарынын атына жазылган. Анын кымбат баалуу унаалары көп", - дейт Коргонбай уулу. Ал эми министрдин ишмердүүлүгү боюнча депутаттык комиссия түзүлөрүн кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча Бишкектин Ленин райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. Доомат депутаттын ушул жылдын 14-мартындагы Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15858