"Таанышын ишке албай койгом". Бейшеналиев Жусупбек Коргонбай уулун "эркек эмес" деди
RU

"Таанышын ишке албай койгом". Бейшеналиев Жусупбек Коргонбай уулун "эркек эмес" деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында коррупцияга айыптаган депутат Жусупбек Коргонбай уулуна жооп кайтарып, kaktus.kg редакциясына эл өкүлү таанышын башкы дарыгер кылууга макул болбой койгонум үчүн "тиш кайрып жатат" деп билдирди.

Бейшеналиев депутатта эч кандай факты жок деп эсептейт.

"Эркек эмес экен да алчы. Эркек болсо ошол чоң трибунадан андай сөздү айтпаш керек болчу. Фактылар менен айтыш керек да. Кимге ким каттатып койгон депчи.

Жусупбек Коргонбай уулу менден көп ай мурун Ноокат районуна Матисаков дегенди коюп бер деди. Матисаков деген жаш бала менде иштеп кеткен. Мен 1-больницада иштеп жүргөндө иштеп кеткен. Аны мен башкы дарыгер кылып кое албайм дедим. Ошол жерден баштап, ал ошол жерде башкы дарыгердин орун басары болуп иштеп, бузуулар менен кеткен экен. Кийин ал жеке менчик клиникада иштеп жүрүптүр. Мен аны канча жолу суранганынан койбой койгом. Ошондон баштап эле ал мага тишин кайрып калган да", - деди министр.

Эске салсак, буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча Бишкектин Ленин райондук сотуна доо арыз мененкайрылган. Доомат депутаттын ушул жылдын 14-мартындагы Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15861