Марлен Маматалиев: Матраимов менен үч ай иштештим бирок, бир тыйын да алган эмесмин
RU

Марлен Маматалиев: Матраимов менен үч ай иштештим бирок, бир тыйын да алган эмесмин

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Kaktus.kg редакциясына маек берип, өзү тарабына "Райымбек Матраимов менен анын да байланышы бар" деп айтылып жаткан сындарга жооп берди. Редакция социалдык тармактарда көп узатылган "башка Матраимов менен тааныш деген депутаттар мандатын тапшырып жатат, Марлен Маматалиев эмнеге тапшырбайт?" деген суроого жооп алды.

Ал 2020-жылы, үч ай гана Матраимовдун "Мекеним Кыргызстан" партиясында иштешкенин белгилеп, октябрь окуяларынан кийин 10-15 күндөн кийин эле барып, коштошуп келгенин белгиледи.

"Үч ай "Мекеним Кыргызстанда" талапкер болдум. Үч ай. Ал киши менен ошол талапкер болгондо тааныштым. Ошол учурда бирге болдук. Анан, эмнеге мен принциптеримди атайын баса белгилеп кеттим? Азыркыга чейин ал жетекчилер менен, мисалы ошол Өмүрбек Токтогулович менен. Бардыгы менен мен кеткенде дагы жигитче коштошуп кеткем. Мисалы, азыр алар менен деле кадимкидей туулган күндөрдө, башкаларда катышабыз. Себеби, жигитчилик принциптерди калтырбайм да.

Ошол эле Райымбек Матраимов менен төңкөрүш болгондон 10-15 күн өткөндөн кийин эле барып, мен "кетейин дедим эле, мага доомат барбы-жокпу деп" кадимкидей эле сүйлөшүп алып кеткем", - деди ал.

Маматалиев кийин "Ынтымак" партиясын негиздегенин белгилеп, партиянын мүчөлөрү да, өзү да андан бир тыйын албаганын кошумчалады.

"Ынтымак" партиясы менен чогуу мына биргеликте парламентке келип, отурдук. Чындык кыргыздарда чыркырап болсо да чыгат. Мурдагыдай 40 жылда эмес, керек болсо 4 саатта чыгат.

"Ынтымак" партиясында көп эле иштеп жүрүшпөдүбү? Сиздер Kaktus.Media дагы далай фактчек чыгарып, карап көрдүңүздөр. Эч кандай тиешем болчу эмес жана болгон да эмес. Менин да, менин кандидаттарымдын да, керек болсо партиянын өзүн жалпы алганда дагы бир тыйын алган эмеспиз", - дейт депутат.

Ал мандат тууралуу суроолорду көрө албаган адамдар жаратып жатканын айтып, үч ай иштешкен эмес, көп жыл иштешкен башка адамдарды айтса жарашмак деп белгилейт.

"Айтайын дегеним эми, үч ай да. Үч ай үчүн кайра-кайра эле көрө албагандар болобу, ким болот, билбейм. Иши кылып, асылганы туура эмес деп ойлойм. Өзгөчө, мына Орозо убагында айтып коет элем: жалаа жабуу, көрө албастык жамап принциптердин бири да. Мен башында, башкы процесстерде бир аз аралаштым.

Мисалы, ошол учурда гана кичине бир үч айлык тиешем болду. Анан, мен башка кишилер менен канча жылдап иштедим. Ошолорго кичине жабыштырса кичине "не обидно", "окшош" болот беле дейм да", - деп сөзүн жыйынтыктады эл өкүлү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15882