Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды
RU

Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында "Жарнама жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жактырылды.

Демилгечи депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, бул мыйзам долбоору жеке пайда кɵрүү максатында тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кандайдыр бир магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүү жагынан жарандардын башын айландырууну жокко чыгаруу максатында иштелип чыкты.

"Турмуштук татаал кырдаалда турган жарандарыбыз көп учурда экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандарга кайрылат, мындай кырдаалда алдамчыларга кайрылган жарандар гана жапа чегүүдө. Өлкөбүздө экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандардын кайырмагына түшкөн жарандарыбыздын саны аз эмес", - деди депутат Марлен Маматалиев.

"Жарнама жөнүндө" мыйзамдын 16-беренесине ылайык, жазгырмалуу жарнама Укук бузуулар кодекси боюнча жоопкерчиликке алып келет. Бирок бул мыйзамдарда окульттук жана магиялык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө бөлүк жазылган эмес. Андыктан сунушталган долбоор алдамчылык аракеттерди маалыматтык мейкиндикте жарнамалоого тыюу салууга мүмкүндүк берет дешет демилгечилер.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15844