Айбек Осмоновдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
RU

Айбек Осмоновдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов мандатын тапшыруу үчүн арыз жазган. Маалыматты Kaktus редакциясына БШКдан ырасташкан.

Кийинчерээк Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтоткону маалым болду. Депутаттын күбөлүгү жараксыз деп табылды.

Буга чейин Айбек Осмоновдун Райымбек Матраимовго байланышы бар экени, андан кийин ал өлкөдөн чыгып кеткени айтылган. Жогорку Кеңештен Айбек Осмонов үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу эмгек өргүүгө чыкканын маалымдашкан болчу.

13-мартта Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин жыйынына катышты.

Айбек Осмонов 2021-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты болгон. 2021-жылдын декабрынан бери - Ош шайлоо округунан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15719