Ошто директор окуучуну сабаганы айтылган. Министрлик окуянын чоо-жайын түшүндүрдү
RU

Ошто директор окуучуну сабаганы айтылган. Министрлик окуянын чоо-жайын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы мектептердин биринин директору 9-класстын окуучусуна кол көтөргөнүн депутат Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген. Айтымында, директор кызды окуучулардын көзүнчө класстан коридорго сүйрөп чыгып, чапкан.

Билим берүү жана илим министрлиги Ош шаардык билим берүү башкармалыгы берген маалыматка таянып, окуя тууралуу буларды билдирди.

"Окуя Ош шаарындагы №3 М.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясында 14-мартта орун алган. Эртең мененки саат 8:15те директор класс жетекчилер, социалдык педагогдор, мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулар менен биргеликте сабакка кечигип келген окуучуларга мектеп формасын сактоо жана кечикпей келүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Ошол окуучулардын бирине директор жана мугалимдер окуучулук форманы сактоо керектигин эскерткен. Ал окуучуга эскертүү айтылып жаткан учурда анын классташтары жана класс жетекчиси жанында турган.

Мектеп директору окуучуга кол тийгизбегендигин, урбагандыгын жана жанында күбө мугалимдер, мектеп окуучулары болгонун билдирди. Директор катары ал окуучулардан мектеп формасын гана талап кылган", - деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча учурда ички иликтөө иштери жүрүп жатканын маалыдашты министрликтен.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15729