7 жашар баланын сабалышы. Акыйкатчы ишти оорлотуучу жагдайга көңүл бурууну талап кылды
RU

7 жашар баланын сабалышы. Акыйкатчы ишти оорлотуучу жагдайга көңүл бурууну талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги мектептердин биринде сабалган 1-класстын окуучусунун апасы Акыйкатчы институтуна кайрылып, баласынын укугун коргоп берүүнү өтүндү. Ал баласын элдин көзүнчө сабаган жаран камакка алынбай эркиндикте жүргөнүнө нааразы болгон дешет Акыйкатчы институтунан.

"Бул адамдын коомчулуктун арасында жүрүшү кооптуу деп эсептейм. Ал эртең башка баланы урбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Чоң адамдар өз иш-аракеттери үчүн жооп берүүсү керек. Менин уулумду сабаганга анын укугу жок. Балага карата суроолор болсо аны түшүндүрүүнүн көптөгөн жолдору бар.

Балам анын баласы менен эч качан чырдашкан эмес. Биз мектеп менен тыгыз байланышта болуп турабыз.

Уулум сабалгандан кийин көп нерседен коркуп калды. Денесинин ар кайсы жеринде көк ала тактар бар жана учурдагы баламдын абалы мени кооптондурат. Күнөөкөр адам мыйзам чегинде жазалансын", - деди эне.

Жабырлануучу тарап тергөөчү "бошобой жатам" деген жүйө менен 3 сааттай күттүрүп, мектеп тарабынан жазылган арызды албай койгонуна да нааразы болду.

Жамиля Жаманбаева окуучунун укугу одоно бузулганын айтып, мамлекеттик органдарды балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө чакырды.

"Эч бир жагдайда чоң адамдар тарабынан балдарга карата зомбулук көрсөтүүгө жол берилбейт. Мамлекеттик органдар зордук-зомбулукка жол бербөө үчүн бардык чараларды тез арада кабыл алуусу зарыл", - деди Жамиля Жаманбаева.

Акыйкатчы институту өз мандатына ылайык тийиштүү мамлекеттик органдарга баланын укуктарынын сакталышын камсыз кылуу талабы менен расмий суроо-талап жөнөттү. Ошондой эле эне менен балага акысыз жактоочу жана психолог берүүгө көмөк көрсөтүү боюнча ыкчам чаралар көрүлдү.

Акыйкатчы тергөө органдарын айыпталуучунун аракеттерин квалификациялоодо жана кылмыш ишин сотко жөнөтүүдө КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 74-беренесинин нормаларын унутпоого чакырат, ага ылайык балага карата жасалган кылмыш, ишти оорлотуучу жагдай болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16021