"Катаал мамиле кылууга туура келди". Манас аэропорту чет элдиктер боюнча түшүндүрмө берди
RU

"Катаал мамиле кылууга туура келди". Манас аэропорту чет элдиктер боюнча түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Аэропорттогу чет элдиктер унаалар өтчү эстакаданы ээлеп, жол бербей, кыйкырып, сары чийинди өтпөө эрежелерине баш ийбей жатышат". Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына "Манас" аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, социалдык тармактарда "Манас" аэропортунда чет элдиктерди түртүп, алардын чемондандарын кызматкерлер тээп жаткан видео тараган. Ал коомчулук тарабынан сынга кабылган.

Маалымат кымзат Kaktus.kg редакциясына мындай көрүнүш 3-4 күндөн бери орун алып жатканын айтты. Себеби, акысыз чартердик рейстер уюштурулган үчүн чет элдиктер аэропортко батпай, каалаган жерине жатып алуу, каттоо учурунда сары чийинди өтүү сындуу эрежелерге баш ийбей жатышат.

"Аэропортто бир канча күндөн бери ушундай жагдай. Массалык түрдө пакистандыктар аба майданына келип, батпай калышты. Тышкы иштер министрлигинен тизме келген. Пакистан тарап төрт акысыз чартердик каттам уюштурган. Бирок, аэропортто тизмеде бары да, жогу да жүрөт.

Ошондой эле алардын өздөрүн алып жүрүүсү абдан чоң негатив жаратып жатат. Алар ызы-чуу болуп, аэропорттун өз эрежелери бар экенин түшүнүшпөйт. Алар унаага өтчү эстакаданы бошотпой, унааларды өткөрбөй калышты. Биздин кызматкерлердин айткандарын түшүнбөй, бир аз катаалыраак мамиле кылууга туура келди", - дейт маалымат кызмат.

"Алар аэропортто дээрлик жашап жатышат"

"Манас" аэропортурунун администрациясы чет элдиктердин баш ийбөөчүлүк мындай кылык-мамилелери менен аба майдандын жумушуна кыйынчылык жаратып жана башка учактардын кармалышына алып келди дейт.

"Алар азыр аэропортто дээрлик жашап жатышат. Алар тизмеден өздөрүнүн аты-жөнүн таппаган учурда да жөн эле аэропортто жүрүшөт. Дээрлик каридорлорго жатып алышууда. Аба майданында алардан башка да жүргүнчүлөр бар экенине маани беришпей эле.

Өзгөчө каттоо башталганда эч нерсеге маани бербей эле, кызматкерлерге да, жүргүнчүлөргө да тоскоолдук жаратып жатышат. Ошол үчүн сары чийинди баспагыла деп айтканды укпагандарды күч менен түртүп, чийиндин ары жагына чыгарууга кызматкерлер дуушар болушту", - деп айтылат маалыматта.

Учурдагы аэропорттогу абал

24-май, саат 12:30га катара аэропортто абал туруктуу. Аба майдандын коопсуздук кызматкерлери учурда тизмеде бар гана чет элдиктерди аэропорттун ичине киргизип жатат. Себеби, аба майдандын кызматкерлери жаралган маселе боюнча Пакистандын элчилигине кайрылып, пакистандык жарандар аэропорттун коопсуздук эрежелерин бузуп, ага баш ийбей жатканы боюнча маалымат беришкен.

"Ал маалымат Пакистандын элчилигине жеткенден кийин элчиликтин өкүлдөрү аба майданга келишти. Азыр аэропорттун коопсуздук кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышууда. Алар өз жарандарына да эрежелерди сактоого чакырууда. Абал бир топ жакшырып калды десек болот", - деп түшүндүрдү "Манас" аэропортунун маалымат кызматы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16223