Күн ичинде Пакистанга алты атайын каттам уюштурулат. Аэропортто эмне болуп жатат
RU

Күн ичинде Пакистанга алты атайын каттам уюштурулат. Аэропортто эмне болуп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 21-майда Бишкектен Пакистанга алты чартердик рейс учат.

"Манас" аэропортунун сайтында күндүз учактар ​​Исламабад, Пешавар жана Лахор шаарларына уча турганы айтылат.

Биринчи рейс 04:15те учуп кеткен, акыркысы Пешаварга 16:30га пландалган.

20-майга караган түнү Пакистандын жүздөгөн жарандары аэропортто болушкан. Саат сайын чет элдиктердин саны көбөйүп жатты. Булар негизинен студенттер болгон, бирок кеткендердин арасында жаш балдары бар үй-бүлөлөр да бар.

Аэропортто адамдар өтө көп. Каттоо залындагы абалды аэропорттун коопсуздук кызматкерлери көзөмөлдөйт.

Эскерте кетсек, 13-май күнү кечинде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде жергиликтүү жана чет элдик жарандардын ортосунда мушташ чыккан.

Төрт күндөн кийин, 17-майда Чүй жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде массалык баш аламандыктар башталды. Катышуучулардын так саны белгисиз, бирок 700дөн 1000ге чейин адам катышкан болушу мүмкүн экени айтылууда. Ошол эле маалда социалдык тармактарда чет элдиктер жашаган жатаканалардын бириндеги балдардын мушташып жаткан видеосу тараган.

Чогулгандар таңга маал тарашкан. Андан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев окуч боюнча билдирүү жасап, жарандарды коомдук тартипти сактоого чакырды.

Бул окуя боюнча президент Садыр Жапаров да үн катты. Ал бул окуягы үчүнчу күчтөр аралашышы мүмкүндүгүн айтып, эми ушундай окуя дагы кайталана турган болсо күч түзүмдөрү биринчи секунддан тарта күч менен таратаарын эскертти. Ал чет элдиктерди сыйлоого чакырып, мамлекеттик жасап жаткан иштерин текке кетирбөөгө чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16197