ЖК президент сунуштаган талапкерди башкы прокурорлукка дайындоого макулдук берди
RU

ЖК президент сунуштаган талапкерди башкы прокурорлукка дайындоого макулдук берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды. 5-июндагы жыйында анын талапкерлигин президенттин жана министрлер кабинетинин өкүлү Алмасабек Абытов көрсөттү.

Буга чейин парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети 5-июндагы жыйында башкы прокурор кызматына президент сунуштаган Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды. Жыйын жабык эшик артында өттү.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Курманкул Зулушевди кызматтан алууга макул болушкан. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Балбак Түлөбаев экс-башкы прокурорго ден соолук каалап, "жакшы болуп кетсин" деди.

Максат Асаналиев тууралуу кыскача:

1978-жылы 24-мартта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Терек айылында туулган. УКМКнын тергөөчүсү болуп иштеп, андан кийин прокуратурага өткөн. 2018-жылы Бишкектин Биринчи Май районунун прокурору болуп дайындалган.

Учурда Максат Асаналиев Ош облусунун прокурору. Ал кадрдык ротациянын алкагында 2022-жылдын 20-майында которулган. Ошол эле жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата "Даңк" медалы менен сыйланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16304