Президент башкы прокурор кызматына талапкерди сунуштады
RU

Президент башкы прокурор кызматына талапкерди сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.

Буга чейин социалдык тармактарда президенттин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге жазган каты жарыяланган. Анда башкы прокурорлукка сунушталган талапкерди жактыруу өтүнүчү айтылган.

"Компетенттүү кызматкерлер социалдык тармактарга ички документтин чыгып кетиши боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатышат", - деди Алагөзов.

Эске салсак, 3-июнда Курманкул Зулушев өз арызынын негизинде башкы прокурор кызматынан бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16300