Профилдик комитет Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды
RU

Профилдик комитет Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкага кетүү боюнча арызын карап, жактырды.

Комитет мүчөлөрүнүн бири Kaktus.media сайтына Зулушев өзү жыйында жок экенин билдирди.

"Алар анын өз каалоосу менен кетип жатканы жазылган катын окуп беришти. Биз болочоктогу башкы прокурордун талапкерлигин талкуулай элекпиз", - деп түшүндүрүштү парламенттен.

Эске сала кетсек, Курманкул Зулушев кызматтан кетерин 3-июнда билдирген. Ал Башкы прокурор болуп 2020-жылдын 21-октябрында дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16298