Роза Отунбаева Бишкектеги СИЗО-1ге барды. Видео
RU

Роза Отунбаева Бишкектеги СИЗО-1ге барды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Бишкектеги СИЗО-1ге барып, Кемпир-Абад окуясы боюнча камакка алынгандар менен жолугушту. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына жактоочулардын бири тастыктады.

Анын айтымында, кечээ, 29-августта кечинде БУУнун Башкы катчысынын Афганистандагы атайын өкүлү Роза Отунбаева Бишкектеги СИЗО-1ге барып, Кемпир-Абадд маселеси боюнча камакка алынгандар менен жолугушту.

"Ал баары менен эмес, үчөө менен гана жолуккан: Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Бектур Асанов. Бирок алар эмне жөнүндө сүйлөшүшкөнүн билбейм", - деди жактоочу.

Ал арада Жазаларды аткаруу кызматы 29-августта саат 17:00дөн 19:30га чейин Бишкектеги СИЗО-1ге бир дагы жогорку кызмат адамдары барбаганын, эч ким жолугушуу өткөрбөгөнүн билдирди.

"СИЗО-1ге кирген Lexus 570 унаасы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине таандык, анын ичинде милиция кызматкерлери болгон, алар баңги затын аныктоо боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүштү", - дешет ЖАКтан.

Жазаларды аткаруу кызматы айтып жаткан Lexus 570 унаасы менен Роза Отунбаева Бишкектеги СИЗО-1ге саат 17:05те кирип, саат 19:19да чыкканы болжолдонууда.

Роза Отунбаеванын атынан Бишкектеги СИЗО-1ге кечээ, 29-августта Кемпир-Абад окуясы боюнча камакка алынгандарга тамак-аш жеткирилгени белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14189