Ак-Буура дарыясынан сел алып кеткен аялдын жансыз денеси табылды. Ким экени такталды
RU

Ак-Буура дарыясынан сел алып кеткен аялдын жансыз денеси табылды. Ким экени такталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто селдин кесепетинен дайынсыз болгон 4 жаранды издөө иштеринин жүрүшүндө дагы бир адамдын сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен белгилешкендей, маркумдун сөөгү Ак-Буура дарыясынан чыгарылды.

Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан (Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпейт) куткаруучу Алтынбек Исабеков тарабынан саат 11:30да аял кишинин сөөгү табылды.

Табылган жаран буга чейин изделип жаткан 1980-жылы туулган Н.Д. аттуу аял киши (3 кыздын апасы) экени аныкталды. Анын сөөгү куткаруучулар тарабынан дарыядан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлдү.

Белгилесек, 14-июлда нөшөрлөгөн жаандан улам Оштогу Ак-Буура дарыясы нугунан ашып кетти. Сел борбордук базарды жана Озгур, Төлөйкөн айылдарын каптаган. Бөрүбай-Ата эс алуу аймагынан жарандар эвакуацияланды.

Сел суулары 5 адамды агызып, ошол эле күнү кечинде 6 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Кырсыктан 9 адам жабыркап облустук ооруканага кайрылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16649