Оштогу селден улам 9 адам ооруканага кайрылды
RU

Оштогу селден улам 9 адам ооруканага кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун бир катар аймактарында катталган селден 9 адам жабыркап, медициналык мекемеге кайрылды. Бул туурасында редакцияга Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 14-июлда Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына төмөндөгү адамдар кайрылган:

  • 34 жаштагы Р.И. - сол буттун жумшак ткандары көгөргөн;
  • 40 жаштагы Т.М. - оң колу жана сол буту көгөргөн;
  • 36 жаштагы Б.Н. - баштын жумшак ткандары көгөргөн;
  • 45 жаштагы Б.А. - стресске катуу реакция;
  • 14 жаштагы Н.С. - стресске катуу реакция;
  • 50 жаштагы Ж.Н. - оң бутунун таманы кесилген;
  • 21 жаштагы Н.Р. кызы - стресске катуу реакция;
  • 62 жаштагы А.У. - каржиликтин жабык сыныгы;
  • 44 жаштагы У.Б. - оң колунун үчүнчү манжасы чыгып кеткен.

Жогорудагы жарандардын баары учурда амбулатордук дарыланууда.

Белгилесек, 14-июлда нөшөрлөгөн жаандан улам Оштогу Ак-Буура дарыясы нугунан ашып кетти. Сел борбордук базарды жана Озгур, Төлөйкөн айылдарын каптаган. Бөрүбай-Ата эс алуу аймагынан жарандар эвакуацияланды.

Ош облусунун Кара-Суу районунда да сел жүрүп, Кыргыз чек, Асан чек айылдарын жана Ош-Гүлчө-Эркечтам унаа жолун суу каптады.

Сел суулары 5 адамды агызып, ошол эле күнү кечинде 6 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Учурда төрт адамды издөө иштери жүрүп жатат.

Башкы беттеги сүрөт: ӨКМнын маалымат кызматы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16648