Президенттин 50 долларга чейинки стипендиясына ээ болгондордун тизмеси
RU

Президенттин 50 долларга чейинки стипендиясына ээ болгондордун тизмеси

Все самое интересное в Telegram

Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча Республикалык комиссия биринчи окуу жылына 22 талапкерди жана экинчи окуу жылына 6 арызды жактырды.

"Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын 2024-2025-окуу жылына карата биринчи окуу жылы үчүн алууга төмөндөгү талапкерлер бекитилди:

  • Абдурахманова Асель Келдибековна – Джонс Хопкинс университети, "Коомдук саламаттыкты сактоо" программасы боюнча магистратура;
  • Абдыибраева Айтбүбү Нарынбаевна – Ноттингем университети, "Компьютердик илим жана жасалма интеллект" программасы боюнча магистратура;
  • Жолдошалиева Мира Жолдошалиевна – Вестерн университети, "Бизнес аналитика" программасы боюнча магистратура;
  • Канатова Мээрим Канатовна –Пенсильвания университети, "Окутуучу илимдер жана технологиялар" программасы боюнча магистратура;
  • Карыбекова Айгерим Женишбековна – Колумбия университети,"Технологиялардын менеджменти" программасы боюнча магистратура;
  • Касымова Бермет Данияровна –Карнеги Меллон университети, "Архитектура" программасы боюнча магистратура;
  • Курманбекова Айгерим Курманбековна – Берклидеги Калифорния университети, "Маалыматтык башкаруу жана системалар" боюнча магистратура;
  • Торогулова Асел Шерикбековна – Карнеги Меллон университети, "Продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн интеграцияланган инновациялар" программасы боюнча магистратура;
  • Турумбекова Турсунай Алмазбековна – Дьюк университети, "Маалымат илими жөнүндө" программасы боюнча магистратура;
  • Алимжанов Бакыт Алимжанович – Эдинбург университети, "Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү каржылоо жана инвестициялар" программасы боюнча магистратура;
  • Аязбаев Ислам Марсович – Чикаго университети, "Мамлекеттик саясат" программасы боюнча магистратура;
  • Кыдырова Элида Бекназаровна - Минесота университети, "Коомдук илимдер жана менеджмент" программасы боюнча магистратура;
  • Стамбекова Айпери Азатбековна – Оксфорд университети, "Айлана-чөйрөнү өзгөртүү жана башкаруу" программасы боюнча магистратура;
  • Таджибаева Севара Талипжановна – Гарвард университети, "Дизайн, инновация жана технология тармагында окутуу" программасы боюнча магистратура;
  • Тиленбаева Камила Жолдошбековна – Нью-Йорк университети, "Корпоративдик укук" программасы боюнча магистратура;
  • Ырысбекова Нуржамал Ныязалиевна – Бостон университети, "Долбоордук менеджмент" программасы боюнча магистратура;
  • Осмонова Алина Арслановна – Чикаго университети, "Экономикалык саясат" программасы боюнча магистратура;
  • Кыдырова Жибек Сатындыевна – Лейден университети, "Укук жана маалыматтык технологиялар" программасы боюнча магистратура;
  • Жеенбекова Алымкан Суеркуловна – Гумбольдт атындагы Берлин университети, "Фольклористика" адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы;
  • Канатбекова Мээржан Канатбековна – Вена техникалык университети, "Кванттык эсептөө" адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы;
  • Кылычбеков Салижан Кылычбекович – Оксфорд университети, "Кванттык программалоо" адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы;
  • Момошова Асель Кадыржановна – Кембридж университети, "Жер экономикасы" адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы.

"Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын экинчи окуу жылы үчүн алууга төмөндөгү талапкерлер бекитилди:

  • Асаналиева Адель Бакытовна – Батыш Австралия университети, биомедициналык илимдер боюнча магистратура;
  • Асанова Салия Белековна – Берклидеги Калифорния университети, "Маалыматтык менеджмент жана системалар" программасы боюнча магистратура;
  • Тураткан кызы Жанылай – Дьюк университети, "Дисциплиналар аралык маалымат илимдери" боюнча магистратура;
  • Абабакиров Нуршат Абдисаламович – АКШ, Колумбия университети, Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
  • Якубжанова Хилола Оманжановна – Корнелл университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
  • Ашырмаматов Исламбек – Сеул улуттук университети, фармацевтика илимдери адистиги боюнча PhD.

Садыр Жапаров негиздеген "Эл үмүтү" стипендиясынын суммасы 50 миң долларга чейин болушу мүмкүн, бирок сумма тандалган университетке жараша болот. Стипендия алуудагы артыкчылык - алдыңкы 100 чет элдик окуу жайлардагы техникалык жана инженердик багыттарына берилет. Программа 2021-жылдан бери иштеп, 2022-жылы тогуз талапкерге, 2023-жылы 17 талапкерге ыйгарылган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16929