Бүтүрүүчү: Былтыр "Алтын сертификат" албай калып, быйыл тестирлөөгө кайра катыштым
RU

Бүтүрүүчү: Былтыр "Алтын сертификат" албай калып, быйыл тестирлөөгө кайра катыштым

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай 234 болду. Эң жогорку 234 упайды Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу – Аминат Гордаева, Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү – Максат Оморов жана Талас облусундагы "Мээрим-Себат" Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин окуучусу – Эльнура Эркинбекова алды.

Kaktus.kg редакциясы "Алтын сертификатка" ээ болгон Макксат Оморов менен маектешип, анын ийгилиги, экинчи ирет тестирлөөгө катышканынын себебин билип көрдүк.

"Жалпы республикалык тестирлөөгө былтыр дагы катышып, анда 217 балл алгам. "Алтын сертификат" алам деген оюм бар болчу, бирок ала албай калгам. Ошентсе деле жогорку окуу жайга тапшыра берейин деп Кыргызстандагы университеттердин биринде экономика адистиги боюнча билим алууну чечкем. Тилекке каршы, ал тандаган адистигим өзүмө жакпай калды, ошондон улам Жалпы республикалык тестирлөөгө быйыл кайра тапшырдым. Ал эми жогорку билимди Кытайдагы Гонконг университетинде же Венгриядагы университетте алуу максатында сынак тапшыргам. Буюрса программалоо адистиги боюнча Гонконгдогу окуу жайдан билим алайын деп чечтим. Рейтинги боюнча алдыңкы окуу жайлардын катарына кирет. Окутуу англис тилинде жүргүзүлөт, бул жагынан кыйынчылык болбойт. Билимди акысыз алам, андан сырткары стипендия берилет. Венгрияда окусам деле акысыз болмок, бирок стипендиясы азыраак экен", - дейт ал.

Максат Оморов Бишкектеги №29 мектеп-гимназиясын 2023-жылы аяктаган. Ал мектепти алтын медаль менен бүтүрүп, үлгүлүү окуучу болгонун айтат. Былтыркы жылы жалпы республикалык тестирлөөгө 6 ай даярданганын, быйыл анчалык убакыт бөлбөгөнүн белгиледи.

"Мурдагы жылы тестирлөөгө катышам деп 6 ай даярдангам. Бирок "Алтын сертификатка" жетпей калгам. Быйыл болсо 1-2 жума эле орус тилинен даярданып, кайталап койдум. Былтыркы жылдагы тестирлөө менен быйылкы жылдагы тестирлөөнүн өтө деле айырмачылыгы байкалган жок. Математика бир аз таатал болуптур, орус тили жеңилирээк экен. Тест тапшырарда толкунданган деле жокмун, көп убакыт короткон жокмун, өтө деле маани берген жокмун. Уйкумду кандырып, жакшы тамактанып алып, ушундай маанай менен барып тестти жакшы тапшырдым. Бул жолу "Алтын сертификат" алам деп ойлогом, бирок эң жогорку балл алам деп күткөн эмесмин", - дейт каарманыбыз.

Максат Оморов былтыркы жылы адистикти тандоодо ката кетиргенин, ал үчүн өкүнбөй турганын айтат. Ал эми ата-энеси бардык тандоосун сыйлай турганын кошумчалады.

"Ортодо бир жыл убактым текке кетти деген өкүнүү болгон жок. Анткени, бул менин өзүмдүн катам болду. Ал адистикти өзүм тандагам. Экономика же программалоо деген 2 адистикти тандоо укугум бар болчу, мага ушул багыттар эле кызык.

Эмнегедир экономика багыты жакын сезилип, ошону тандагам. Окуу процессинде бул меники эмес экенин түшүнүп, кайра башка адистикти тандадым.

Ата-энем, жакындарым менин бардык тандоомду сыйлашат жана дайыма колдошот. Мен дагы тандоом тууралуу ата-энеме айтып "оюңар кандай, эмне деп кеңеш бересиңер, силер мени жакшыраак билесиңер да" деп айтам. Алар мага багыт көрсөтүп, кеңеш беришет", - деди абитуриент.

Коногубуз тестирлөөдөн төмөнкү балл алып калган абитуриенттерге маанайды чөктүрүүнүн кереги жок дейт. Ал өзүнүн тажрыйбасын мисал кылып, ЖРТ жашоонун акыркы чекити эмес экенин айтат.

"Жалпы республикалык тестирлөө бүтүрүүчүлөрдүн жашоосунун акыркы чекити эмес. Бул жашооңордун бир эле этабы. ЖРТ бул сынак. Ошол баскычтан жакшы өтүп алсаңар өзүңөргө жакшы жумуш таап, жакшы жашоону камсыздай аласыңар. Мен өзүмдүн мисалымды айтсам, мурдагы жылы "Алтын сертификат" алам деп ала албай калгам. Анткени, сыноо тесттеринен 230 же андан жогору балл алып жүргөм. Ошондон улам ЖРТдан жакшы упай алам деп өзүмө ишенимдүү болгом. Бирок ойлогонумдай болгон жок.

Андыктан силер дагы чөгүп калбагыла. Убакыттан бир аз уттуруп коюшуңар мүмкүн, бирок окууну таштабагыла, билим албасаңар жашооңор өтө деле жакшы болбойт. Ошондуктан алдыга карай умтулуп, аракет кыла бергиле", - деген сунушун айтат.

Максат Оморовдун алдыдагы койгон планы - жакшы окуп, окуу жайды ийгиликтүү бүтүрүү. Келечекте жакшы жумушта иштеп, өзүн камсыздап жана ата-энесине жардам берүү. Ошондой эле программалоо жана жасалма интеллект боюнча мамлекеттик долбоорго өз салымын кошуу ниетин билдирди.

Белгилесек, былтыр Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай 236ны түзгөн. Мындай жогорку баллды эки бүтүрүүчү камсыздаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16465