Ошто таксист киши колдуу каза болду
RU

Ошто таксист киши колдуу каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто такси айдоочусунун өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу күбөлөр Kaktus.media сайтына билдиришти.

Алардын айтымында, 11-майда шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүүнү Оштун борборунан кармашкан.

Шектүү жаран таксист менен шаардан сырткары чыгып, аны таш менен сабап өлтүргөн деп айтылууда.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы такси айдоочусу киши колдуу болгонун тастыктап, окуянын чоо-жайын айтып берди.

2026-жылдын 9-майында саат 19:20 чамасында Ош шаарынын Алымбек Датка жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Jazz үлгүсүндөгү унаа турак үйдүр тосмосун сүзүп алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөнү. Айдоочу окуя болгон жерден табылган эмес.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө унаа таксист болуп иштеген Ош шаарынын 73 жаштагы тургуну А. А.га таандык экени аныкталган", - дешет башкармалыктан.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ошол эле күнү саат 18:00 чамасында аны 25-30 жаштардагы белгисиз адам жалдап, Алымбек Датка көчөсүндө жайгашкан турак жайга алып барууну суранган. Кийинчерээк айдоочу дайынсыз жоголгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17822