Таиланд туристтер үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн кыскартууну сунуштады
Таиланддын бийлиги чет элдик туристтердин визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартууну мерчемдеп жатат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги Таиланддын тышкы иштер министри Сихасак Пхуангкеткеоуго таянып жазып чыкты.
"Биз 60 күн өтө көп деп эсептейбиз жана турист катары келбеген айрым адамдар визасыз режимди мыйзамсыз максаттарда колдонуп жатышат. Биз көзөмөлдү күчөтөлү деп жатабыз", - деген аталган өлкөнүн тышкы иштер министри.
Маалыматта айтылгандай, визасыз жүрүү мөөнөтүн кыскартуу сунушу мурунку администрациянын тушунда иштелип чыккан, бирок аны кароо шайлоолорго байланыштуу кийинкиге жылдырылган. Эми бийлик тиешелүү органдар менен кеңешмелерди өткөрүүнү көздөп жатат. Министр Пхуангкеткеоу бул демилгенин кабыл алынышы менен эч кандай көйгөйлөр болбойт деген ойдо.
Министр ошондой эле бийлик бир нече виза категорияларын карап чыгышы мүмкүн экенин, анткени алардын саны өтө көп жана айрымдары бириктирилиши мүмкүн деп белгилеген.
Таиланддын премьер-министри Анутин Чарнвиракул учурдагы эрежелерди карап чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүнү тапшырганы кабарланат.
Bloomberg белгилегендей, өкмөттүн аракеттери мигранттардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн улам кирешеси коркунучта делген жергиликтүү ишкерлердин даттанууларына жооп болуп саналат.
Азыр туризм экономиканын маанилүү бөлүгү бойдон калууда, Таиланд бийлиги өлкөнүн кызыкчылыктарына зыян келтирбестен иммиграциялык көзөмөлдү күчөтө турган чечим табууга аракет кылууда.
60 күндүк визасыз режими Таиландда 2024-жылдын июль айынан тарта иштеп келет.

