Башка адамдын паспортун соцтармакка жарыялагандарга айып салуу сунушталды
RU

Башка адамдын паспортун соцтармакка жарыялагандарга айып салуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башка бирөөнүн паспортун социалдык тармакка жарыялагандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Парламенттин 14-майдагы жыйынында Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кутман Мамыров жеке жактарга 7500 сом, юридикалык тараптарга 65 миң айып салуу каралып жатканын айтты.

"Эгерде жаран өзүнүн паспорттук маалыматын өзү жарыяласа, бул маалымат коомчулукка жеткиликтүү болуп калат жана кылмыш эмес", - деп түшүндүрдү ал парламентте.

Талкуу учурунда депутат Гуля Кожокулова юридикалык жактар ​​үчүн айып пулдун өлчөмү өтө көп экенин белгиледи. Ошондой эле ал айып пулду аныктоо механизми белгисиз дейт.

Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева элге туура маалымат берүү керектигин айтты. Эгер, башка бирөөнүн паспортун таап алган жаран соцтармакка жакшы ой менен жарыяласа мыйзам бузуу болуп калабы деп тактады.

"Паспорттогу жеке маалыматтарга идентификация жүргүзө тургандай кылып жарыяласа мыйзам бузуу болуп эсептелет", - деди мамлекеттик агенттиктин жетекчиси.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17818