Мушкер Медет Жээналиев көлгө чөккөн окуучуну куткарам деп каза тапты
RU

Мушкер Медет Жээналиев көлгө чөккөн окуучуну куткарам деп каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эрежесиз эр уруш боюнча мушкер Медет Жээналиев сууга чөккөн окуучуну куткарам деп каза тапты. Бул туурасында жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка караганда, мушкер достору менен көл жээгинде болгон. Ошол учурда катуу толкун башталып, кыз сууга чөгө баштаган. Спортчу жана анын достору окуучуну куткарууну көздөгөн. Натыйжада кыз куткарылган, бирок Жээналиев жээкке чыга алган эмес.

Кийин куткаруучулар мушкердин денесин суудан таап чыгып, моргго өткөрүлгөн. Маркумдун сөөгү жерге берүү үчүн Нарын шаарына жөнөтүлгөнү айтылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17825