Чек арадагы окуялар: Эл аралык кылмыш сотуна тергөө ишин баштоону өтүнүп кайрылуу жөнөттү
RU

Чек арадагы окуялар: Эл аралык кылмыш сотуна тергөө ишин баштоону өтүнүп кайрылуу жөнөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл аралык Кылмыш Сотунун Прокуроруна Кыргыз Республикасынын жарандык калкына каршы аскердик кылмыштарды жасоо фактысы боюнча Тажикстандын аскер кызматкерлерине жана башкы командачыларына карата тергөө ишин баштоо өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлдү. Бул тууралуу адвокат Сания Токтогазиева Facebook баракчасына жарыялады.

"Бүгүн, Рим статутунун 15-беренеси менен пайдаланып, Эл аралык Кылмыш Сотунун Прокуроруна Тажикстандын аскер кызматкерлери жана башкы командачылары Кыргыз Республикасынын жарандык калкына каршы аскердик кылмыштарды кылгандыгы учун тергөө ишин баштоо өтүнүчү менен кайрылуу (communication) жөнөттүм. Маалымат чогултууга жана кайрылууну жазууга жардам бергендердин баардыгына (алардын аттарын документте көрө аласыз) терең ыраазычылыгымды билдирем",-деди ал.

Рим статуту эл аралык Кылмыш сотун негиздеген эл аралык келишим эл аралык Кылмыш сотунун Рим статусу, 1998-жылы Римде өткөн дипломатиялык конференцияда кабыл алынган. Рим статуту 2002-жылы күчүнө кирген.

  • 2021-жылы 28-апрелде Тажикстан менен чек арада кырдаал курчуп кеткен.
  • 29-апрелде бир нече айылдарда өзгөчө режим киргизилип, жергиликтүү тургундар эвакуацияланган.
  • 30-апрелде тажик аскер кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагына басып киришти. Бийлик бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кечке жуук Тажикстандын аскер кызматкерлери Кыргызстандын аймагынан чыгып кетишти.
  • 1-май күнү эртең менен Лейлек районунда кайрадан ок атуулар угулуп, Ворухка баруучу жол тосулган.
  • Кырдаал 2-майга чейин турукташты.
  • Жаңжалда кыргыз тараптан 36 адам, Тажикстандан 19 адам каза болгон.
  • Тараптар чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо иштерин тездетүү боюнча макулдашышты.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1936