"Машинеге ок атып жатышат". Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуду
RU

"Машинеге ок атып жатышат". Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

29-апрелде, болжол менен таңкы саат 04:40та Баткен облусундагы чек арага жакын аймакта, тагыраак айтканда Көчө-Бою айылында кырдаал курчуду. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук жана ММКлар менен байланышуу бөлүмү кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, кырдаалдын курчушуна "Тажикстандын жарандары тарабынан провокациялык иш аракеттери" себеп болду. Алар Чек ара кызматы берген маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандарына жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан

"Андан кийин тажик тарап мылтыктан ары-бери өткөн кыргыз жарандарынын унааларына ок атышкан", - деп билдирүүдө айтылган.

Алдын ала маалымат боюнча, кыргыздардын арасында жарадар болгондор бар. Тажик тараптан ок атуу уланып жатат.

"Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кооптуу", - деп Мамлекеттик Чек ара кызматы кабарлады. Тажик Республикасынын чек ара кызматынын жетекчиси менен байланыша алган жокпуз, телефон чалуулар жоопсуз калды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1453