Чек арага чектеш аймактардан 20 000ге чукул жаран эвакуацияланды
RU

Чек арага чектеш аймактардан 20 000ге чукул жаран эвакуацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чек арала аймактарда айрым учурларда ок атуулар болуп жатат. Бардык күч түзүмдөрү кырдаалды көзөмөлгө алуу аракетин көрүүдө. Бул тууралуу КРдин Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Ок атышуунун натыйжасында азыркы учурга 134 адам жабыркап, 13 каза болду. 25 жаран атайын учак менен Бишкек шаарына ооруканага которулуп, 86 жаран Баткен облустук ооруканага жаткырылган.

Лейлек районунун чек ара аймактарынан 13миң 500 адам коопсуз жайга чыгарылса, Баткен районунан 7093 адам Баткен шаарына көчүрүлдү. Эвакуацияланган жарандарга жергиилктүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө, гуманитардык жардамдар жеткирилүүдө.

Баткен районунун Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен өрттөнгөн, ошондой эле Лейлек районун Кулунду айыл аймагынын Сада, Максат айылдарында, Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка айылдарында күйгөн үйлөр жана май куйуучу бекеттер бар, - деп Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы берген маалыматта жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1486