Акылбек Жапаров: Чек аралар эки-үч айдын ичинде жабылат. Биз унсуз калышыбыз мүмкүн
RU

Акылбек Жапаров: Чек аралар эки-үч айдын ичинде жабылат. Биз унсуз калышыбыз мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Вице-премьер-министр - Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров эки-үч айдын ичинде чек аралар жабылат деп эсептейт. Бул тууралуу ал 24-июнда өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жардамга муктаж болгон аялуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн тизмесин аныктоо керек. Бул үчүн ал ар бир ушундай үй-бүлөгө санарип карталарын жасап, алар аркылуу арзан баада азык-түлүк сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү сунуштайт.

"Ишти эртерээк жүргүзүшүбүз керек. Эшелондор жана учактар ​​менен эң керектүү продукцияларды алып келели. Эгер кечиктирсек, 2-3 айдан кийин чек аралар жабылып калат, бизге эч кандай ун келбей калуу коркунучу бар", - деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов аны менен макул болуп, азыктарды, анын ичинде унду Россиядан жана Казакстандан сатып алуу керектигин билдирди.

"Гуманитардык жардам Казакстандан келди. Ошондой эле Кытайдан келет, бирок бул аздык кылат. Кампабыздагы ун 4 айга гана жетет", - деп кошумчалады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2248