Казакстан Кыргызстанга мөөнөтү өтүп кеткен ун берет
RU

Казакстан Кыргызстанга мөөнөтү өтүп кеткен ун берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары мөөнөтү өтүп жаткан 10 миң тонна ун тапшырды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 24-июнда министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, гуманитардык жардам бир-эки күн мурун келип түшкөн.

"Ун, тилекке каршы, жогорку нымдуулукка ээ. Сактоо мөөнөтү 2 айга чейин. Ошондуктан мен аны сатууну, андан түшкөн каражатты дан азыктарын сатып алууга жумшоону сунуштайм", - деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы.

Ал кошумчалагандай, быйыл дыйкандардан 150 тонна дан сатып алуу пландалган, бирок түшүмдүн начардыгынан 10-15 тонна гана чыгат.

Буга жооп кылып, министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов унду сатуу механизмин иштеп чыгууну тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2245