Акылбек Жапаров эмдөөдөн баш тарткан кызматкерлерге айлык төлөбөй коюну сунуштады
RU

Акылбек Жапаров эмдөөдөн баш тарткан кызматкерлерге айлык төлөбөй коюну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Вице-премьер-министр Акылбек Жапаров өзгөчө кырдаал режимин киргизип, вакцинациядан баш тарткан мамлекеттик кызматкерлерге айлык төлөбөй коюну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-июнда өткөн министрлер кабинетинин жыйынында айтты.

Анын айтымында Кыргызстанга вакцинаны жеткирүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигин тартуу керек.

"10 күндүн ичинде дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун самолеттор менен барып алып келели. Добровольно-принудительный механизм колдонуш керек. Эгер саламаттыкты сактоо министрлиги вакцинация маселесин чече албаса, калгандары эмне болот?", - деп министр суроо узатты.

"Канча доктур, канча медайым вакцина алганын уга алган жокмун. Алар улам эле ооруп жатышат. Аскер, ИИМ эмне болот? 368 миң мамлекеттик кызматкер бар, эгер эмдөөдөн өтпөсө айлык бербей коюш керек. Менин сунушумду колдоп берип коюңуз. Өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизип, Бообек Эргешевичти жөнөтүү керек (ӨКМдин жетекчиси)", - деди Акылбек Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2244