Өмүрбек Бабанов УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулду. Таң калыштуусу Бикардга эмес
RU

Өмүрбек Бабанов УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулду. Таң калыштуусу Бикардга эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына коопсуздук органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Белгилүү болгондой, Бабанов УКМКнын СИЗОсунан жеке клиникага бир жумадай мурун которулган, бирок Бикардга эмес. Анын жүрөгү ооруп, Бишкектеги Авиценна жеке ооруканасында жаткан имиш.

Өмүрбек Бабановдун адвокаты Амантур Абдырахманов бош эмес экендигин айтып, бул маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Эскерте кетсек, 31-майда Өмүрбек Бабанов Кумтөрдөгү коррупциялык иш боюнча сотко чейинки тергөөнүн алкагында күбө катары УКМКга суракка чакырылган. Бабанов келүү убадасына кол койду. Бирок тергөө ага эки суткага камакка алуу протоколун берген.

2-июнда Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы Чыңгыз Бердимуратов сот отурумун коомчулуктан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан жабык өткөрүп, Бабановду эки айга УКМКнын абагына камады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2759