"Элиме жардам бергеним үчүн соттоп жатасыңарбы?" Өмүрбек Бабановдун судьяларга айткан сөзү
RU

"Элиме жардам бергеним үчүн соттоп жатасыңарбы?" Өмүрбек Бабановдун судьяларга айткан сөзү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жактоочуларынын апелляциялык дат арызын четке какты. Судья баш коргоо чарасын өзгөрүүсүз калтырып, аны 31-июлга чейин камакка алдырды.

Сот отурумунда Өмүрбек Бабанов ага карата айыптоолордун маңызын түшүнбөй жатканын дагы бир жолу кайталады. Ал премьер-министр болуп турганда Кумтөр кени боюнча өзүнүн иш-аракеттерин судьяга айтып берип, азыр аны айыптап жаткан эч кандай иш жасалбаганын баса белгиледи.

Төмөндө Өмүрбек Бабановдун сотто сүйлөгөн сөзүн толук келтиребиз:

"Урматтуу сот коллегиясы! Тилекке каршы, мен түшүнбөй жатам, жана бул сөзүмдү сиздер сот отурумуна киргенде эстеп калгыдай болсун үчүн кайталай берүүгө даярмын. Эмне үчүн маалымат каражаттарын киргизген жоксуңар? Жок дегенде видеокамера болсо болмок. Бул акыйкатсыздык! Ушул сөзүмдү эстеп калгыла.

Экинчиден: мен 23 күн УКМК абагында отурам. Ал жакка эч кимиңердин отурушун каалабайм. Алдыда эмне болоорун, Кудайым өзү билет. Мени бир да жолу суракка чакырышкан жок! Бир жолу сурак өткөргөн жок! Ал жерде 23 күн отурам! Мен ал жерде эмне кылып жатам?!

Мени "Кыргыз Республикасынын жогорку саясий жетекчилиги керт башынын пайдасын ойлоп, арам ойлоп, өлкөнүн, Кыргызстан элинин кызыкчылыгын тебелеп, "Центерра Голддун" айрым өкүлдөрү менен кылмыштык сөз байлашты" деп күнөөлөтүүдө. Муну прокуратура айтып жатат. Мен ким менен сөз байлаштым? Бир да далилиңер барбы? Бир чакырып тергөө амалдарын өткөрбөйсүңөрбү! Кумтөрдү азыр силер башкарып жатпайсыңарбы! Кумтөрдөн 16 300 гектар жерди тартып алып, мамлекетке кайтарып жатсам, анан кантип сөз байлашам?!

Урматтуу сот коллегиясы! Бир эле мисал келтиргилечи! Мен премьер-министр катары "Центеррадагы" директорлор кеңешинин Кыргызстан тарабынан 3 кишиге мүчөлөр санын көбөйттүм! Буга чейин экөө эле отурчу! Директорлор кеңешиндеги мүчөлөрдүн санын көбөйтсө, компанияга көзөмөл берээрин билесиңерби! Мен өзүм ошону кылдым! Мен өзүм "Центерра Голддо" КАРЖЫ ДИРЕКТОРУН кыргыз тарабынан болсун деп буйрудум, каржылык агымдарды көзөмөлгө алуу үчүн! Кыргыз тарабынын кызыкчылыгын коргоо деген ушул! Мамлекеттик менчикти коргоо! В Кыргызстанда эки компания иштечү - "Кумтор Голд Компани", "Кумтор Оперейтинг Компани". Ушунун бирөөсүн жабыш керек деп айттым, бул жердеги компанияга каржы директорунун операциялык ишмердүүлүгүн киргизүү керектигин айттым! Себеби кенди башкаруу үчүн адистер керек. Биз алардын каржылык агымдарын көзөмөлгө алмакпыз! Бухгалтериядагы мыйзам бузууларды аныктамакпыз! Башкача айтканда, мыйзамдуу жол менен бармакпыз да, жөн эле басып албай!

Мен Кумтөргө барганда, бул экологиялык катастрофа, биз жаза пул жазабыз деп айткам! Мен бул тууралуу парламентте айткам, Садыр Нургожоевичтин комиссиясын колдойм дегем. Комиссиянын корутундусун окугулачы. Ал жерде аудитордук компанияны жалдап, ошол компаниянын аудитин өткөрүү керек деп жазылган. Бирок мамлекеттик комиссия тарабынан.

Мен мунун чечкеним жок, аны парламент чечти! Парламент мамкомиссияны 10-июлга чейин түзүүнү чечкен. Мен ал мамкомиссияны 3-июлда түзгөм. Алардан мурун. Мен бул маселени созгум келсе, анда 10-июлда эмес, ал мамкомиссияны 20-июлда түзмөкмүн. Премьер-министр катары мен Жогорку Кеңештин токтомун аткардым. Иш жүзүндө өкмөт Жогорку Кеңештин көпчүлүк токтомдорун аткарбайт. Аткарууга да милдеттүү эмес. Бирок мен алардын тапшырмасын аткардым! Комиссия башына мен кимди койдум? Темир Аргенбаевич Сариевди. Комиссияга Алмамбет Шыкмаматов, эколог Динара Кутманованы киргиздим.

Ошол Динара менен барып Кумтөрдү кыдырып жүрөм. Барып туруп айтып жатам ошонун бардыгын! Кумтөр менен, бийликте туруп күрөшкөн чындап мен болдум го! Бирөөнү айткылачы, бир фамилияны айткылачы, бийликте туруп ким күрөштү Кумтөр менен?! Өмүрбек Токтогулович, мына бул, бул деп айткылачы! Садыр Нургожоевич депутаттык комиссия түзүп күрөшүп жатат, депутаттар дагы айтып жатышат. Бирок, аткаруу бийлик катары, экономика үчүн жооп берген катары мен жалгыз Кумтөр менен салгылаштым!

Мени эмне үчүн соттоп жатышат?! Эмне үчүн?! Балким, себеби башкада? Балким, эл мени колдоп жатканында? Мени ошол үчүн соттоп жатасыңарбы? Элге жардам бергеним үчүн соттоп жатасыңарбы? Мени прокуратура ошол үчүн айыптап жатабы? Бир да далилиңер жок, кайсы бир беренеге шилтейсиңер. Жок дегенде бир далил болушу керек да. Бир да депутат айттыбы, мен ага Кумтөргө каршы, депутаттык комиссияга каршы добуш бер деп мажбурладымбы?

Менин "Республика" фракцияман беш адам депутаттык комиссияны колдоп, добуш берди. Тогуз адам калыс болду. Болгону жети адам гана каршы добуш берди! Мен премьер-министр катары, колунда бийлик бар адам катары фракцияга таасир эте албайт белем? Мен айтсам, баары каршы добуш бермек! Бир жарым айдан кийин коалицияны таратып, мени отставкага кетирип жатса, мен депутаттар менен кантип сөз байлашат элем!

Ал Кумтөрдүн жетекчилерин мажбурлап туруп..., жанагы айылдарды кыдырганда дайым айтышчу, 2010-жылы мен шайлоого чыкканда эл айтчу "насыянын баасы кымбат" деп. Ошондо биз программабызда айтканбыз, 7 пайыздан насыя беребиз деп. Ошондо айылдагылар мага айткан: - ээ, жанагы байлар эле алып коюп жатышат. Банктан 100 000 сом алам десең, 200 000 сомдук күрөө сурашат деп. Айылда 200 000 сомдук күрөө жок деп. Ошол үнүн угуп, биздин укугубуз жок аларга жардам бербегенге деп, ар бир адамдын шарты ар кандай болуп калышы мүмкүн, Кумтөрдү мажбур кылып, бул элдин акчасы деп, жанагы "Ала-Тоо-Финансты" 100 пайыз мамлекеттик компанияны түзүп, 987 миллион сомду ага түшүрүп, 10-майдан баштап 9-сентябрга чейин... мен 31-августта кеттим... алар 13,5 миң кишиге [насыя] беришиптир, 13 526 адамга берген! 7 пайыздан, күрөөсү жок! Күрөөсү жок алган ошол насыяны. Насыя кеңешин түзгөнбүз айылдарда. Коррупция болбосун, алсын деп ошол насыя кеңештери айткан айылдыктар алган. Жанагы микрокаржы компаниянын жетекчилери эмес. Микрокаржы компанияда ["Ала-Тоо-Финанс"] атайын кеңеш түзүлгөн, бир киши башкарбасын деп. Анан мен кеткенден кийин, бул акчанын бардыгын кайрып алгандан кийин, [акчаны] РСКга салып койду. Ал эми, ошол жашоосу өзгөрдүбү?! Ушул 9 жылда, мен эсептеп көрдүм - 240 000 адамдын жашоосу өзгөрмөк экен, ошолор [насыя] алганда! Айткылачы, азыр бир уюмдан күрөөсү жок ала аласыңарбы бир нерсе?!

Урматтуу соттун мүчөлөрү, урматтуу прокурорлор! Эмнеси туура эмес?! Мажбур кылып туруп, 987 миллионду Кумтөрдөн алып жатсам - ошолор мени жакшы көрүшөбү?! Мындан тышкары дагы бир далил - мен премьер болуп иштеп турганда, Кумтөр өндүрүшүн 30 пайызга азайтып, ИДАдан түшүп калсын деп, Бабановду кетириш керек деп... ошондой кадамдар болгон! А силер мени азыр Кумтөргө жабыштырып жатасыңар! Тилекке каршы, силер билесиңер, мага иштегенге мүмкүнчүлүк бербеди. Жаңы жылга чейин иштегенимде - 70 пайызы Кыргызстандыкы болмок. Кыргызстандыкы болмок! Соттук процесстери жок эле, далил менен. Мына мындай акыйкатсыздык менен эч нерсе бүтпөйт! Бул акыйкатсыздык улана берсе - эч нерсе оңолбойт! Кыргыз кыргызды талай берсе - мамлекет оңолбойт! Кыргыз кыргызды мыйзамсыз соттой берсе - эч нерсе оңолбойт! Чындык, акыйкат дагы болушу керек да! Кайсы жерден акыйкаттык издейбиз?!

Балким, Алла талам, атайын... ушуну көрсүн, чыныгы сотторду көрсүн, укук коргоо органдарынын чыныгы жүзүн көрсүн деп ушундай кылып жаткандыр. Бардыгы Алла таламдын колунда! Мен ишенем, мен жакшы көргөн кыргыз элим чындыкты сөзсүз билет!

Урматтуу соттор! Азыр, билем, силер мени актап бере албайсыңар. Бирок, үйгө чыгарганга силердин укугуңар бар. Мен азыр башкы прокурор болуп отурган Зулушевге, жана соттордун советинин төрагасы болдубу... жанагы... билбейм, Зулушевдин жанында жүргөн... билесиңер. Ташиев, Садыр Жапаров, Мамытов соттолуп жатканда, Атамбаевдин убагында - өздөрүнө эрк алып туруп чыгарган да. Бийликтин айткан тапшырмасын эмес, алар эрк алып чыгарышкан да. Бүгүн көрүп жатасыңар, адамдар калыс [чечим] чыгарса - Алла талам өзү кандай алып чыгат. Мен дагы ишенем, ушул үчөөңөр азыр калыс чыгарасыңар деп. Телефондук чалуу менен эмес, буйрутма менен эмес, мына бул кагазды окуп туруп. Мен сыртка чыкканда коомчулукка жардамдан башка зыяным жок менин. Мени ал жерде дагы канча күн кармайт - бир Алла талам өзү билет. Бирок, ошондон элге пайда болобу?! Коомчулукка пайда болобу?! Андан тышкары, бул мыйзамдуубу же мыйзамдуу эмеспи?! Мен ойлойм, силер өзүңөрдүн абийириңер менен эсептешип туруп, тапшырманы аткарбай, өзүңөр чечесиңер деп. Рахмат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2301