Эмнеге судья алдайт? Өмүрбек Бабанов абактан кат жазды
RU

Эмнеге судья алдайт? Өмүрбек Бабанов абактан кат жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

31-июлга чейин "Кумтөр" иши боюнча камакта отурган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов УКМКнын СИЗОсунан кат жазды.

Катында чындык акыры жеңип чыгаарына үмүтү чоң экенин жазган. Андан тышкары башты бийик көтөруп жүргөнүн айткан, анткени чындык ал тарапта.

"Кымбаттуу Кыргызстандыктар!

Мен бул катты УКМКнын тергөө абагынан жазып жатам.

Менин эрким бекем жана үмүтүм чоң, анткени чындык баары бир жеңет!

Мен башымды бийик көтөрүп жүрөм, анткени менин абийрим таза жана ишим туура!

Сот боюнча айтсам:

Мен жактоочуларым менен соттук териштирүүгө журналисттерди киргизүүнү абдан сурандык. Эгер мен корко турган нерсе болсо, журналисттерди киргизгиле деп суранат белем?

Тилекке каршы, сот бул өтүнүчүбүздү канааттандырган жок, залда аудио-видео жазуу жүргүзүлөт, аны кийин алса болот деген. Бирок соттук териштирүүдөн кийин видео-материалды берүүдөн баш тартышты.

Менин жактоочуларым расмий түрдө өтүнүч кылганы менен, техникалык себептерден улам жазылбай калыптыр деп сот жооп берип койду.

Эмнеге судья алдайт?

Соттук териштирүү түшүрүлгөн видеону да бергенден коркуп жатышат...

Себеби, соттогу абсурддук кырдаалды видеожазуудан бардыгы көрө алышмак.

Тергөөчү менен прокурор бир да суроого жооп бере албай башын жерге салып турушту.

Анткени алар бир нерсени билишкен – мага коюлуп жаткан айып эч нерсеге жарабаган, акылга сыйбаган айыптоо! Жана мени жөн эле соттоп жатышат!

Ушул да сотпу? Бул адилетсиздик!

Мага коюлуп жаткан айып тууралуу айтайын.

Мени Кумтөр менен сүйлөшүп алган деп айыптап жатышат.

Бирок, бул суу кечпеген, болбогон нерсе!

Андай болсо:

  • Ким Кумтөрдөн 16300 гектар жерди мамлекетке кайтарды?
  • Ким Жогорку Кеңештин чечиминен кийин дароо мамлекеттик комиссия түздү? Мамлекеттик комиссия 3/07/2012-ж. түзүлгөн, 1/10/2012-ж. Өкмөткө отчет бермек, 1/11/2012 ж. Жогорку Кеңешке отчет бермек. Башкача айтканда, жыйынтык чыгарууга болгону үч ай берилген.
  • Премьер-министрлердин ичинен кимиси "Центерранын" экологиялык кылмыштарын эл алдында ачыктап, келишимди өзгөртүү керек деп кимиси ачык айтып чыкты эле?
  • Премьер-министрлердин ичинен кимиси Кумтөрдү калктын начар жашаган аялуу катмарына жардам катары 21 млн $ өлчөмүндө каражат бөлүп берүүгө мажбур кылды эле?

Мени ушул иштерим үчүн соттоп жатабы?

Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштеп, жерди элге кайтарып, Центерра менен катуу конфликтке барганым үчүн соттолуп жатамынбы?

Же башка да себептер барбы?...

Айыптоочу тарап мен премьер-министр кызматында турганымда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын убактылуу депутаттык комиссиянын отчетуна каршы добуш берүүгө "үндөгөн" деген суу кечпеген жүйөө келтирип жатат.

Бул эмне деген былжырак кеп?

  • 2010-2012-жылдары тарыхта Жогорку Кеңештин депутаттары өз алдынча жана өкмөттөн көз каранды эмес учуру катары калды.
  • Жогорку Кеңеш мени жана менин Өкмөтүмдү кандай катуу сындаганы эсиңиздерде бардыр?
  • Бизди отставкага кетирүүгө аракет кылып, ишеним көрсөтпөө жарыялашкан.
  • Жыйынтыгында, алар максатына жетип, коалицияны ыдыратып, мен 31-августта отставкага кеттим.
  • Керек болсо "Республика" фракциясындагы менин үзөңгүлөштөрүм да бир кылка эмес, өз көз караштарына жараша добуш беришкен. Арасында "макул" же "каршы" добуш бергендери да бар, добуш бербей койгондору да бар. Ушунун өзү керек болсо фракциядагы депутаттар да чечимди жеке өздөрү кабыл алган дегенди далилдеп турбайбы?!
  • Эмне үчүн коалицияны бузуп, мени отставкага кетүүгө мажбур кылган башка фракциялардагы депутаттардын көпчүлүгү - депутаттык комиссиянын отчетуна каршы добуш беришкен? Эгер мен алар менен сүйлөшүп алган болсом, алар коалицияны ыдыратпай койбойт беле?

Айыптоонун дагы бир акылга сыйбас жүйөөсү – мен Кумтөрдү текшерүү боюнча (өзүм түзгөн!) Мамлекеттик комиссиянын ишине тоскоолдук жаратып, "анын ишин ары-бери сүйрөө" жолуна багыттаптырмын. Бул маанисиз, негизсиз!

  • 2012-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш өзүнүн токтому менен 2012-жылдын 10-июлуна чейин мамлекеттик комиссия түзүү тапшырмасын берет. Мен мамлекеттик комиссияны 2012-жылдын 3-июль күнү түздүм. Мамлекеттик комиссия 3 айдын ичинде, б.а. 2012-жылдын 1-октябрына чейин көз карандысыз жана эл аралык эксперттерди тартуу менен Центерранын бардык кылмыштарын жана мыйзам бузууларын аныктап, чечим чыгарып жана Өкмөткө отчет бериши керек болчу. Жана 2012-жылдын 1-ноябрына чейин Жогорку Кеңешке отчет бериши керек эле.
  • Мен мамлекеттик комиссиянын жетекчиси катары экономика министри Темир Сариевди дайындадым. Эгер мен кандайдыр-бир тоскоолдуктарды жараткым келсе, анда эмнеге күчтүү саясатчы, апрель революциясынын башында тургандардын бирин дайындайм? Мамлекеттик комиссиянын курманын карап көрүңүздөр, курамы өтө күчтүү адистерден түзүлгөн. Ошол эле Алмамбет Шыкмаматов, ошол эле белгилүү эколог Калия Молдогазиева, ошол эле депутаттык комиссияга катышкан депутаттар...
  • Эгер мен бул ишти созуп, тоскоолдук жараткым келсе, өз пикири бар, көз карандысыз адамдарды чогултат белем?
  • Ошондой эле, экология боюнча эксперт катары Д.А. Кутманова чакырылган.
  • Мен Кумтөргө барганымда Мамлекеттик комиссиянын суроолоруно жоопту жана зарыл документтерди 1-2 күндөн кечиктербей берип тургула деп жетекчилигине так кесе айткам (интернетте видеолор бар, көрсөңүздөр болот). Андан тышкары, мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен биздин мамлекеттин үлүшүн көбөйтүү жагына карайбыз дегем. Мен мамлекеттик комиссиянын ишине, тескерисинче, жардам берген болуп жатпаймынбы? Бул далил эмеспи?
  • Андан кийин мамлекеттик комиссия 2012-жылдын 3-июлунда түзүлгөн болсо, мен ошол эле жылдын 31-августунда кызматтан кетип жатсам, кантип комиссиянын ишине кийлигише алмак элем?

Абсурд! Акылга сыйбаган айыптоо!

Дагы бир нерсе, 2016-жылы парламентке Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн өздөштүрүү тууралуу мыйзамды алып келишкенде жеке мен жана биздин фракция каршы добуш бергенбиз. Бул менин Центеррага системдүү түрдө каршы чыгып жүргөнүмдүн дагы бир далили! Мага 2012-жылдын акырына чейин иштегенге мүмкүнчүлүк бербей коюшканы өтө өкүнүчтүү – биз Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн сөзсүз түрдө 70%га жеткирип, Кыргызстан өзү Кумтөрдү башкарып калмак!

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Мен жашоомдо кийин балдарым менин айыман жер карап калбашы үчүн ар дайым абийрим менен иш кылдым!

Адамды өлтүрүп койсо болот!

Анын Ысымын өлтүрүүгө мүмкүн эмес!

Мен үчүн жашоодо эң кымбат бул – менин фамилиям!

Мен Чындык жеңет деп ишенем!

Кыргыз элине чоң урмат-сүйүүм менен Сиздердин уулуңуздар, Өмүрбек Бабанов", - деп катын жыйынтыктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1954