Ат тезегин кургатпай катташты го. Садыр Жапаров депутаттарды кайрадан чакыртты
RU

Ат тезегин кургатпай катташты го. Садыр Жапаров депутаттарды кайрадан чакыртты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан президент Садыр Жапаров менен жолугушууга мамлекеттик резиденцияга барышат. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына парламенттен билдиришти.

Болжол менен кечки саат 18:00до жолугушат. Аларды өткөндөгүдөй эле эски аянттан автобус менен алып кетишет.

Бирок, кайсы маселелер талкуулана тургандыгын депутаттар билишпейт. Жогорку Кеңешке шайлоо мыйзам долбоору боюнча боло тургандыгын божомолдошууда.

"Өткөндө эле бардыгын сүйлөшкөндөй болгонбуз, президенттин позициясы түшүнүктүү. Дагы эмнени талкуулайбыз билбейм", - деп Нурбек Тотонов өз пикирин айтты.

Эске салсак, парламент депутаттардын санын 120дан 90го азайтып, шайлоонун өзү аралаш система менен өтө турган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышкан,

Кечээ, 26-июлда Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору боюнча парламенттик окуулар өткөн болчу, бирок жабык эшик артында.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2771