Бекешев менен Асылбаева "Жээнбековчу, Матраимовчу" мыйзам долбоору боюнча уруша кетишти
RU

Бекешев менен Асылбаева "Жээнбековчу, Матраимовчу" мыйзам долбоору боюнча уруша кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Дастан Бекешев Гүлшат Асылбаевадан өзү демилгелеген "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорунан баш тартууну суранды.

Гүлшат Асылбаева баштаган депутаттар тобу маалымат манипуляциясы боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Ага ылайык, бийлик соттун чечимисиз эле "туура эмес" же "жалган" деп табылган маалыматтарды камтыган веб-сайттарды, жалган деп эсептелген социалдык тармактардагы аккаунттарды жаба алат. Долбоордун алкагында, вебсайт ээлеринин жана социалдык медиа аккаунт ээлеринин чыныгы аттарын каттоодон өткөрүү талап кылынат. Юристтер жана медиа эксперттер сөз эркиндигине байланыштуу мыйзам бузууларды жана тобокелчиликтерди белгилешип, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин экс-президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбоорун чакыртып алган.

Эл өкүлү аны мыйзам долбоорунун макулдашуучу вариантын иштеп чыга турган топко кошууну сунуштады.

"Октябрь окуялары өттү. Жаңы Конституцияда цензурага тыюу салынат деп жазылган. Бул мыйзам долбоору Жээнбековдун, Матраимовдун кызыкчылыгын коргоо үчүн болгонун баарыбыз түшүнүп турабыз. Ал активисттерге каршы багытталган. Бул бийликтин пайдасы үчүн иштей турган мыйзам долбоор, биз аны ушул бойдон калтырышыбыз керек, андан баш тартып, ал тургай жумушчу топ түзүүнүн деле кажети жок ", - деди Бекешев.

Асылбаева андан маселени саясатташтырбоону жана мыйзам долбоору боюнча туура эмес пикир жайылтпоону суранды.

"Бул сиздин жеке пикириңиз. Каршылык билдирилди, макулдашуу тобунун курамы аныкталды, маселенин кийинки тагдырын ошолор чечет, балким алар баш тартууну сунушташат. Алар кандай чечим кабыл алышса, мен макулмун. Жогорку Кеңештин 63-беренеси бар, ага ылайык бул курамда демилгечилер жана комитеттин мүчөлөрү болот. Кошумча адамдарды ала албайбыз", - деп жооп берди Асылбашева.

"Мыйзам долбоору өзү саясатташтырылган. Кайсы саясий алкакта жана кандай максатта жазылганын билебиз" деди Бекешев.

"Сиз жеке өзүңүз саясий боёк берип жатасыз", - деп каршы болду Асылбаева.

"Юридикалык көз караштан алганда, ал башкача ой жүгүртүү менен күрөшүүгө гана багытталган. Ошондуктан мен өзүмдү топтун катарына кошууну сунуштайм" деди Бекешев.

- Жок, - деп демилгечи айым кесе айтты.

"Сиз өзүңүз чече албайсыз. Бул жерде парламент чечим чыгарат", - деп жооп берди Бекешев.

Аны Марлен Маматалиев жана Умбеталы Кыдыралиев колдошту. Экинчисинин айтымында, бул резонанс жараткан мыйзам долбоору жана канчалык көп депутаттар макулдашуу тобуна катышса, ошончолук Жогорку Кеңеш утушта болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1862