Туйгуналы Абдраимов: Мен түрмөгө отургандан коркпойм
RU

Туйгуналы Абдраимов: Мен түрмөгө отургандан коркпойм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-сентябрда, ИИМдин кызматкерлери саясатчы Туйгуналы Абдраимовду өз үйүнүн короосунан кармап кетишти. Ага КРдин Жазык кодексинин 309-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу) боюнча билдирүү келген.

Абдраимовдун айтымында, ал аны алып кетээрин билген, анткени ага карата кылмыш иши козголуп жатат, деген маалымат айтылган болчу.

"Мен өзүмдүн күнөөмдү мойнума албайм, муну учурдагы бийликтин саяий куугунтуктоосу деп эсептейм. Тынчтык митинги өтмөк болчу", - деди Абдраимов.

Абдраимов кармалаарын алдын ала билип, даярданганын кошумчалады.

"Атайы джинсы шым кийип алдым. Акыйкаттык акыры жеңет деп ишенем", - деди Туйгуналы Абдраимов.

Эске салсак, Туйгуналы Абдраимов кармалат деген маалымат сентябрдын башынан бери эле айтылып келген. Бирок, саясатчы өзү ага карата кылмыш иши козголуп, жакын арада камакка алынат деген маалыматты четке каккан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3537