ИИМ: Курсан Асанов башкалар менен сүйлөшүп, бийликти басып алууга аракеттенген
RU

ИИМ: Курсан Асанов башкалар менен сүйлөшүп, бийликти басып алууга аракеттенген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин мурдагы жетекчиси Курсан Асанов башкалар менен көмүскө сүйлөшүп, бийликти басып алууга аракет кылды деп шектелип жатат. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

ИИМдин Тергөө комитети Жазык кодексинин 309-беренеси боюнча ("Бийликти күч менен басып алуу") сотко чейинки өндүрүштү баштагандыгы кабарланды.

Сотко чейинки өндүрүштүн тергөө иштеринин алкагында ИИМдин мурдагы жетекчиси Курсан Асанов башкалар менен сүйлөшүп, Баш мыйзамды бузуп, бийликти күч менен басып алганга активдүү аракет кылып даярдык көргөнү аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Бирок кимдер менен сүйлөшкөнү так айтылган эмес.

Асанов шектүү катары кармалып, Бишкек шаарынын убактылуу кармоо жайына киргизилгенин маалымат кызматы кошумчалады.

Эске салсак, Курсан Асанов октябрь окуялары учурунда, тагыраагы, 6-октябрда ИИМдин жетекчилигине келип, бир нече күндөн кийин иштен кеткен.

Ал эми 26-январда кармалган. Ага 5-6-октябрь окуяларында Ички иштер министрлигин басып алууга аракеттенген деп Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгүнүн ("Имараттарды жана курулмаларды басып алуу") негизинде айып тагылган.

Экс-министр андан төрт ай өткөндөн кийин 12-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечими менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган болчу.

Маалымат sputnik.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3526