"Альянс" партиясын добуштарды сатып алууда деп айыпташты. Партия өз жообун берди
RU

"Альянс" партиясын добуштарды сатып алууда деп айыпташты. Партия өз жообун берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

БШКга "Альянс" партиясынан депутат Жибек Ахмедовага арыздануу келип түшкөн. Талапкерди шайлоочулардын добушун сатып алуу аракетин көрүп жатат, деп айыпташты.

Арыз жазуучунун айтымында, партиянын тизмесинде номер 48чи болуп катталган депутаттыкка талапкер Ош шаарынын жашоочуларынын арасында добуштарды сатып алууга аракет жасаган.

"Жогорудагы маалымат Оштогу "Ынтымак" радиотелекомпаниясынын программасында жайылтылган. Ахмедова белгисиз жаран менен сүйлөшүп жатканда өзүнүн, жакындарынын жана тааныштарынын добушун ага берүүнү суранып, Жогорку Кеңешке депутат болуп өтүп кетсе, ага колдоо көрсөтүп тураарын убада кылган", - деп арыз жазуучу айтып берген.

"Ынтымактын" программасында талапкер шайлоо мыйзамын бузган.

Агитациялык мезгил 29-октябрдан 27-ноябрга чейин созулат. Шайлоого 21 саясий партия жана жүздөн ашык бир мандаттуу окургдар боюнча талапкерлер катышат.

"Альянс" партияся Kaktus.media'га добушту сатып алуу фактысы болбогонун белгиледи.

"Талапкер болжолдуу үгүттөөчү менен сүйлөшүп, шайлоо алдындагы кампаниянын процессин түшүндүрүп берген. Ахмедова эч кимди добушун сатып алууга үндөгөн эмес. Ал болгону кандидаттын программасын кимдерге түшүндүрүп берсе боло тургандыгын айткан", - деп партия билдирди.

Партия Ахмедованын андан кийинки айткандарына басым кылып, добушту сатпай, таза шайлоо өткөрүш керектигин белгилеген. Бирок бул бөлүгү программадан кесилип алынып, ага жана саясий партияга терс имидж жарата турган бөлүгү гана көрсөтүлгөн.

Бул талапкер жана саясий партия жөнүндө такталбаган, жалган маалымат таратуу болуп саналат.

Ошондой эле саясий партия талапкердин аракеттерин БШК баа берет деп баса белгилешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4090